Бразилияда сутка ичинде 615 адам коронавирустан көз жумду
Бразилияда сутка ичинде коронавирустук инфекциядан 615 адам көз жумду. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, муну менен жалпы каза болгондордун саны 8 миң 536га жетти. 1 миң 643 адамдын эмнеден көз жумгандыгы изилденип жатат.
Ошондой эле сутка ичинде 10 миң 503 адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталган. Жалпы ооругандардын саны 125 миң 218ге жетсе, алардын ичинен 51 миң 370 адам айыгып чыккан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.