Ноокенде 11-класстын окуучулары жайлоого бара жатып, жол кырсыгынан бирөө каза болду (видео)
Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 11-класстын окуучусу жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, 6-май күнү саат 13:00 чамасында Ноокен айылынын тургуну 25 жаштагы У.Э. өзүнүн Хундай-Портер унаасын айдап, 11-класстын окуучулары К.Б., Ж.у.Б., Т.к.А. жана С.С.ны салып, Кара-Булак жайлоосуна бара жатып, жол кырсыгына кабылышкан.
"Унаанын айдоочусу Кыр-Жон жайытында унааны башкара албай, кырсыкка кабылган. Натыйжада үч окуучу денесинен жаракат алып, аймактык оорукананын хирургия бөлүмүнө жеткирилген. Ал эми бир окуучу, тактап айтканда К.Б. окуя болгон жерден каза болгон", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

Рейтинг:
1

Комментарийлер(2)
sirenaaaaa

07.05.2020. 12:34
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кырсык каш кабактын ортосунда деген ушул да. Кудайым шыпаа берип, батырак айыгып кетишкен. Отуп кеткен баланын Кудайым куноолорун кечирсин
Arstan18.18

07.05.2020. 16:36
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
11 класс деселе тоонуу томоргонсуп учаттар ресторанга тимеле байлардай отурмай гулянки. Карасанар Эми чогулбай отура тургула деп жатсада жайлогоо чогулуп. Озубуздун олумувузбу ден соолугубузду майып кылып алууга озубуз себепчи болуп жатабыз. Жаан сел журуп жатат коетурсанар болмок экен
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.