super.kg logo

"РСК банк" ачык акционердик коомунун төрагасы: "Жарандардын насыясын төлөө мөөнөтү 3 айдан 6 айга чейин узартылды"

 

Бүгүн, 7-майда "РСК банк" ачык акционердик коому башкармалыгынын төрагасы Азиз Оморкулов Өкмөт үйүндө маалымат жыйын берип жатат. Анда өкүл өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал учурунда ишкерлерге берилген жеңилдиктер тууралуу маалыматтарды айтууда.

Оморкуловдун айтымында, банк кырдаалга карабай ишин тынымсыз жана үзгүлтүксүз жүргүзүүдө. Анын маалыматына ылайык, жарандар тарабынан банк жетекчилигине насыянын мөөнөтүн узартуу боюнча суроолор көп келип жатат.

"Азыркы кезде "РСК банк" ачык акционердик коомунда 52 филиал бар жана 133 бөлүм иштейт. Өзгөчө абал учурунда дагы банк кызматын токтоткон жок. Миңден ашуун биздин кызматкерлер элге тынымсыз тейлөө жүргүзүп жатышат.

Насыялар боюнча азыркы кезде бизге 4 миллиард сомдон ашуун суммага кайрылуу келип түштү. Жарандар бул сумманын шарттарын ыңгайлатып, төлөө мөөнөттөрүн узартууну суранышкан. Бул сумманын 3 миллиарды банк тарабынан каралып чыгып, ыңгайлуу шарттар түзүлдү жана 3 айдан 6 айга чейин мөөнөттөрү узартылып берилди. Жакынкы арада бардык арыздар каралып чыгат", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: