super.kg logo

"Үй-бүлөң менен бол". Александр Лукашенко мырзаларды чоочун айымдар менен таанышпай турууга чакырды

 

Беларусь өлкөсүнүн президенти Александр Лукашенко өлкөнүн жашоочуларын ашыкча бирөө менен катнашта болуудан баш тартып турууга чакырды. Бирок ал бул такыр эле үйдө отур дегенди түшүндүрбөйт экенин кошумчалады.

"Эшикке чык, велосипед теп. Таза аба менен дем алып, өпкөңдү иштет. Бул өпкө оорусу да. Үйдө эч нерсе кылбай отура берсең өпкөң каяктан иштейт. Анда ооруп калуу мүмкүнчүлүгү кайра көбөйөт", - деген өлкө башчысы.

Ошондой эле Лукашенко эркектерге жакынкы күндөрү башка айымдар менен таанышпай турууга чакырды, ал эми үй-бүлөсү бар эркектерге алар менен гана болуп, башкалар менен сүйлөшпөө керектигин айтты. Бирок буга чейин байланыш үзүлбөгөн адам менен баарлашууну уланта берсе болорун кошумчалады.

"Эгерде буга чейин өбүшкөн болсоң, өбүшө бер. Эгерде эркек болсоң чоочун аялга жолобо жана башка. Бир ай чыда. Үй-бүлөлүү болсоң алар менен бол", - деп билдирген Лукашенко.
Буга чейин өлкө башчысынын баласы коронавирус менен ооруп жаткандыгы тууралуу маалыматтар тараган, буга карабастан өлкөдө эч кандай чектөөлөр киргизилген эмес.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
07.05.2020. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туура айтат, аны менен временно жаткан аял башка эркек менен жатпайт экенине ким кепилдик бермек эле. Тем более жуктуруп алса, ким менен болгон элен десе тааныбай турса, бир жолу коргон элем деп
07.05.2020. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркек 4 аял алыш керек
07.05.2020. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
assanov97,Бойун боконодон белиң бешиктен чыга элекго сенин.4тү койуп бирди эптеп алалы кыргыздын мына биз эркектери өтүгүбүздү сүйрөп өзүбүздү эптей албай жүрөбүз төрт катындан түшөсүңда кысталак.
08.05.2020. 05:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Батька сыйлайм ушул кишини мен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: