super.kg logo

"РСК Банк" ачык акционердик коомунун төрагасы: "Банк насыя берүүнү токтоткон жок"

 

Банк тарабынан насыя берүү токтотулган эмес. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда "РСК Банк" ачык акционердик коому башкармалыгынын төрагасы Азиз Оморкулов Өкмөт үйүндө маалымат учурунда билдирди.

"Банк тарабынан насыя берүү толук түрдө иштеп жатат. Ошол эле учурда айыл чарбаны каржылоо долбоору ишке кирген. Бул боюнча жер-жерлердеги банк кызматкерлерине кайрылсаңыздар болот. Ошол эле учурда фермер, дыйкандарды колдоо иретинде акчалар берилип жатат. Азыркы тапта банк цифровизациянын алкагында тейлөөнү дистанциялык негизге өткөргөн. Айта кетсем, мобилдик банкинг тиркемесинин колдонуучулары азыркы кезде 50 миңден ашты.

Мындан сырткары насыяларды ыңгайлатуу керек болсо, банк тарабынан арыз кайрылуулар мессенжерлер аркылуу кабыл алынууда. Арызды кагазга жазып, аны сүрөткө тартып мессенжер тиркемеси аркылуу жиберсеңиздер болот. Анын негизинде ар бир жарандын кайрылуусуна жараша ыңгайлуу шарттар түзүлөт", - деди Оморкулов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: