super.kg logo

Бишкекте 1 миллион 57 миң адам жашайт. Карантинде 155 миң адам убактылуу ишсиз калды

 

Бүгүн, 7-майда Өкмөт үйүндө Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев онлайн-брифинг берди. Анда ал борбор калаанын бюджети, салыктар жана капиталдык салымдар, шаардын кризистен чыгуу планы жөнүндө айтты.

Бакетаев өзүнүн сөзүн шаарда жашаган калктын санынан баштады. Ага ылайык, бүгүнкү күндө Бишкек шаарында 1 миллион 57 миң адам жашайт. Анын ичинен:

балдар - 305 миң;

пенсионерлер - 95 миң;

жумушка жарамдуу калк - 627 миң.

"Борбор калаада 108 миң 208 чарба жүргүзүүчү субъект катталса, анын ичинен иштеп жатканы 75 миң 363. Андагы жумушчулардын саны 238 миң.

Статистикалык маалыматка ылайык, шаарда жашоочулардын жумуш менен камсыз болуусу төмөнкүдөй:

- кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө - 102 миң адам иштейт ( жалпы жумушчулардын 22 пайызы);

- соода чөйрөсүндө - 97 миң адам (21 пайыз);

- кайра иштеп чыгуу өнөр жайында - 75 миң адам (16,5 пайыз);

- билим берүү жана саламаттыкты сактоо чөйрөсүндө - 64 миң адам (14 пайыз);

- курулуш чөйрөсүндө - 33 миң адам (7,4 пайыз).

Бишкек шаарында өзгөчө абал киргизилгендиктен чакан жана орто бизнестин, курулуштун, айрым өнөр жай өндүрүш ишканаларынын иши толук токтотулган. Бүгүнкү күндө 3 миң 836 чарба жүргүзүүчү субъект гана иштеп жатат. Анда иштегендердин саны болжол менен 83 миң 300 адамды түзөт. 71 миң ишкана ишин токтоткон. Болжолдуу маалымат боюнча, 155 миң адам убактылуу иштебей калды", - деди биринчи вице-мэр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
07.05.2020. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
155 000 ерунда андан да көп ко
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: