Октябрь районуна караштуу №3-мектепте биринчи коңгуроо кагылды
Октябрь районуна караштуу №3-жалпы билим берүүчү орто мектебинин босогосун 174 окуучу аттады


Октябрь районуна караштуу №3-жалпы билим берүүчү орто мектебинин босогосун 174 окуучу аттады

Биринчи коңгуроого арналган салтанаттуу иш-чара КРнын гимни менен башталды

Жаңы мектеп босогосун аттаган Айсулуу Макулбекова толкунданып жүрдү

Салтанаттуу иш-чарага Эл агартуунун отличник мугалимдери да чакырылган

Мектеп директору Гүлмира Мусиева окуучуларын жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады

"Балажан" балдар-бий ансамбли конокторго бий тартуулашты

1-класстын окуучулары келечекте ким болууну каалаганын айтышты

11-класстын окуучулары 1-класстын окуучуларына кеңештерин айтып, сабакты жакшы окууга, мугалимдерди сыйлоого чакырышты

Салтанаттуу иш-чара учурунан

Биринчи коңгуроо кагуу аземи адаттагыдан айырмалуу болду

жогорку класстын окуучулары көтөрүп келген кутулардан 1-класстын окуучулары чыгып, биринчи коңгуроону кагышты

Биринчи коңгуроо кагуу аземи

Бүтүрүүчү класска көчкөн окуучулар мектеп босогосун жаңы аттап жаткан окуучуларды жетелеп, класстык бөлмөлөрүнө узатышты

Көптөн күткөн мезгил келип, бөбөктөр келечекке карай сапар улай башташты
Бүгүн, 3-сентябрда Кыргызстан боюнча 2013-2014-окуу жылдарынын расмий башталып жаткан күнү. Быйыл Бишкек шаарынын Октябрь районуна караштуу №3-жалпы билим берүүчү орто мектебинин босогосун жалпы 174 окуучу аттады. Биринчи коңгуроого арналган салтанат КРнын гимни менен башталды. Мектеп директору Гүлмира Мусиева мектеп босогосун аттап жаткан келечек ээлери менен бирге мектеп окуучуларын жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, окууларда чоң жетишкендиктерди каалады. Убакыт келип, 1-класстын окуучулары коңгуроо кагышты. Ал эми бүтүрүүчү класска көчкөн окуучулар мектеп босогосун жаңы аттап жаткан окуучуларды жетелеп, класстык бөлмөлөрүнө узатышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
2

