"Ат-Башыда коронавирус менен жабыркагандардын арасында Бишкектен, чет мамлекеттерден, дааваттан келгендер бар" дейт аким
Бүгүн, 7-майда Нарын облусунун Ат-Башы районунун акими Нурбек Сатаров райондогу абал тууралуу онлайн маалымат жыйын берди.
Анда ага "Коронавируска чалдыккандар обсервацияда жаткандарбы?" деген суроо берилди.
Нурбек Сатаровдун айтымында, алардын арасында Бишкектен, чет мамлекеттерден, дааваттан келгендер бар. "Обсервацияда иштеген медицина кызматкерлеринен дагы вирус аныкталган. Ошондой эле алар байланышкан адамдар дагы оору менен жабыркап жатышат", - деди ал.
Маалыматка ылайык, Ат-Башы районунда коронавирус менен жабыркагандардын саны 76.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:15
2025-06-30

18:58
2025-06-30

17:31
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.