super.kg logo

Баткенде аткезчилик жол менен алынып келе жаткан кургак мөмө-жемиштердин контрабандасы кармалды

 

Баткенде аткезчилик жол менен алынып келе жаткан кургак мөмө-жемиштердин контрабандасы кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен районунун аймагында Кыргыз жараны коңшулаш Тажик Республикасынын жарандарына мыйзамсыз миграция иштерин уюштуруп жаткандыгы боюнча ыкчам маалымат түшкөн. 3-май күнү Достук айылынын Как-Сай участкасынын 33 жаштагы Н.У. аттуу тургуну коңшулаш Тажик Республикасы менен чектешкен Как-Сай участкасынан мыйзамсыз жашыруун жол менен алып өткөн кургак мөмө-жемиштерди сатуу максатында, Тажик мамлекетинин 2 жараны менен 4 оор жүк ташуучу унааларга жүктөп жаткан жеринен кармалышкан.

Ал эми 2 Тажик жараны мыйзамсыз мамлекеттик чек араны бузуп өтүп келгендиги аныкталып, алардын ден соолуктарын байкоо үчүн обсервацияга жаткырылып, анализдери таза чыккан соң, 1 айга камакка алынган.

Жогорудагы кармалган жүктөр Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле 5-май күнү Кадамжай РИИБинин кызматкерлери санитардык-карантиндик посттон Кадамжай шаарынан өткөн Ош-Исфана автожолунда Баткен-Ош багытын көздөй бара жаткан DAF үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу 3 унааны жана VOLVO үлгүсүндөгү 2 унааны текшеришкен. Айдоочуларды коронавирус илдети боюнча текшерген учурда, унааларынын жүк салуучу бөлүгүндө кургатылган мөмө-жемиштерди аткезчилик жол менен жүктөп бара жаткандыгын аныкташкан. Бул маалымат Кадамжай РИИБинде маалыматты эсепке алуу журналына катталып, тиешелүү материалдар жыйналып, процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Баткен облусунун тергөө бөлүмүнө өткөрүп берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(4)
07.05.2020. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тажикстанга өтүп бара жаткан нефтини да козомолодосонор жакшы болот эле
07.05.2020. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баткен эли ушул орук куруч менен эле жашайбыз эч кандай наркотик бензин нефтиси жок эле Эми ушуну да кармашат.туура налог толош керек бирок чондор 10 колуна бутун кошо тыгып алат оозуна.анан жашырып экспорт кылабыз
07.05.2020. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баткендин активисттери ушуга окшогон контрабанда жукторду кармаганга жардамдашпасанар эл учун жанын куйдуруп иштеген адамдар бийликте карааны корунбой жатат
07.05.2020. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алы жеткендери ушул...ГСМдерге тишинер отбойт же шефтеринердики
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: