Нарында кармалган ак илбирстин абалы айтылды




Нарын облусуна караштуу Эмгек-Талаа айылынын жашоочусу "Тескей-Торпо" ашуусунан музоого кол салган илбирсти кармаган. Колго түшүрүлгөн жаныбар 5-майда Ысык-Көл облусунун Ананьево айылындагы НАБУ-Кыргызстан реабилитациялык борборуна жеткирилгени маалымдалган.
Бүгүнкү күнгө карата ак илбирстин абалы орточо деп бааланууда. Бул тууралуу Курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
"Агенттиктин өзгөчө коргоого алынган жаратылыш аймактары жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо департаментинин тобу жана Бишкектен келген ветеринарлар илбирсти текшерүүдөн өткөрүштү. Кароонун жыйынтыгына ылайык, илбирстин оң көзү көрбөй калган, тиштери сынып, майдаланган, сол бутунан жана оозунан, мурдунан жаракат алган. Жалпысынан илбирстин абалы орто оор деп бааланды. Ветеринарлар илбирске тиешелүү дары каражаттарын дайындашты", - дешти маалымат кызматынан.



1 |