Жеңиш эстафетасы Бишкек жана Ош шаарларында өттү
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы бүгүн, 7-майда Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги “Бордобо-автожол” өткөрүү жайында Кыргыз өлкөсүнүн чек арачылары Тажикстан Республикасынын чек арачыларына жеңиш эстафетасынын символун өткөрүп берди. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматынан билдиришти.
"Кыргыз мамлекетинин аймагында жеңиш эстафетасы Бишкек жана Ош шаарларында өттү. COVID-19 инфекциясынын таркап кетпешине жол бербөө чаралары көрүлүп жаткан азыркы оңой эмес жагдайды эске алуу менен республиканын аймагында жеңиш эстафетасы өткөн маршрут боюнча таазим кылуу иш-чараларын коомчулуктун катышуусу жок өткөрүү чечими кабыл алынган.
Ардагерлерди куттуктоо, аскердик ызаат көрсөтүү, өсүп келе жаткан муун үчүн эрдик сабактарын өткөрүү кийинчерээк болот", - деп айтылат маалыматта.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган жеңиш эстафетасы КМШ өлкөлөрүнүн тышкы чек араларында өтүүдө. Жеңиш эстафетасы аталыштагы масштабдуу аскердик-патриоттук акция Москва шаарында 28-майда соңуна чыгат.

