super.kg logo

"Керемет Банк" аркылуу "Тулпар" транспорттук карталарын комиссиясыз онлайн толтуруӊуз

 

Бир жарым айлык карантинден кийин ушул жылдын 11-майынын баштап Бишкекте шаардык коомдук транспорт өз ишин жаӊыртат – автобустар менен троллейбустар өз маршруттары боюнча саат 07:00дөн 20:00гө чейин жүрө башташат.

Ушул жылдын мартынан тартып муниципалдык транспортто электрондук чыпталоо тутуму иштей баштагандыктан жана жүрүү үчүн акы төлөө «Тулпар» бирдиктүү төлөм картасы менен гана мүмкүн болуп калгандыктан, «Керемет Банк» аны интернет-банкинг жана уюлдук тиркеме аркылуу ылдам жана ыӊгайлуу толуктоону сунуштайт.

«Керемет Банктын» кардарлары «Тулпар» бирдиктүү төлөм картасынын теӊдемин өздөрүнүн уюлдук телефонунан же компьютеринен комиссиясыз 24/7 шарттамында толуктай алышат.

Борбордун автобустарынын жана троллейбустарынын жүргүнчүлөрү үчүн карталардын үч түрү чыгарылган: көк – стандарттуу, жашыл – мектеп окуучулары үчүн, кызыл – ардагерлер жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн. Алардын теӊдемин «Керемет Банктын» интернет-банкинги же уюлдук тиркемеси аркылуу толуктоо үчүн төмөнкүлөр зарыл:

• «Тулпар» картасы (электрондук чыпталоо)» талаасынын түшүүчү тизмесинен тандоо: веб-версиядан «Кызматтардын жеткирүүчүсүнө төлөм» бөлүмүн, ал эми уюлдук версиядан – «Башкалар» баракчасынан «Төлөмдөрдү»;
• сунушталган талааларда картанын бет эсебин жана транспорттук картага акча которуунун суммасын толтуруу;
• төлөмдү жасоо.

Айтмакчы, «Керемет Банктын» кыргыз, орус жана англис тилдеринде жеткиликтүү болгон онлайн-сервистери аркылуу 300гө чейин ар кыл кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө болот, анан да алардын чоӊ бөлүгүнө – комиссиясыз, бул ыӊгайлуу гана эмес, пайдалуу дагы.

«Тулпар» транспорттук картасынын теӊдемин минималдуу комиссиялары бар альтернативалуу ыктар менен да толуктоого болот: накталай акчаларды төлөм терминалдары жана cash-in кызматы бар банкоматтар аркылуу салуу, ошондой эле накталай эмес ык менен – «Керемет Банктын» кеӊири банкоматтык тармагынын жардамы менен зарыл сумманы өз төлөм картаӊыздан өз алдынча которуу.

«Тулпар» картасын накталай эмес толуктоо же «Керемет Банктын» башка банктык кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө бардык кошумча суроолорду банктын байланыш-борборунан +996 (312) 55 44 44, +996 (557) 55 44 44 – WhatsApp телефондору боюнча же сайттагы кайтарым байланыш калыбы аркылуу тактоого болот.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: