Өзгөчө кырдаалдар министри Жалал-Абад облусунда сел жүргөн аймактарды жеринен көрүүдө




Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров Жалал-Абад облусунда иш-сапарда жүрөт. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Министр Кара-Көл шаарын аралап агып өткөн Кара-Суу суусу жыл сайын жаз, жай мезгилдериндеги жаандын жаашынан, карлардын эришинен суу ташкындап, шаардын Ак-Кыя-1 жана Ак-Кыя-2 участокторундагы 400дөн ашык калктуу конушка кооптуулук жаратып келген тилкени жеринен көрүп чыкты.
Аталган участок боюнча айта кетсек, кооптуулукту алдын алуу максатында Кара-Көл шаарынын Ак-Кыя-1 жана Ак-Кыя-2 участокторундагы Кара-Суу дарыясынын 3 чакырым аралыктагы сол жээгин бекемдөө иштеринин долбоору министрлик тарабынан даярдалып, “Авариялык калыбына келтирүү” иш-чарасына киргизилип, 950 метр аралыгында жээк бекемдөө иштери атайын эсептен каржыланып, курулган. Ал эми калган 2050 метр аралыгында жээк бекемдөө иштери, каражат маселеси чечиле электигине байланыштуу, курулуш иштери баштала элек.
Андан ары иш сапары Аксы районунда уланып, 3-майда жаан-чачындан улам сел жүрүп, андан жабыркаган аймактарды жеринен көрүүдө. Эскерте кетсек, 2020-жылдын 3-май күнү болжол менен саат 12:10 чамасында кыска мөөнөттө нөшөрлөп жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Жаңы-Жол айыл аймагынын Жаңы-Жол айылында топтолгон суу арыктарга батпай, №38 ЖТИ тейлеген автоунаа жолу менен агып, жол жээгинде жайгашкан 3 дүкөндүн ичине жана 3 турак үйдүн короосун каптаган, ошондой эле 1 чакырым аралыкта 1 тарабын жеп кеткен. Кыйроолор жана жабыр тарткандар болгон эмес. Иш сапар уланууда", - деп айтылат маалыматта.

