super.kg logo

MegaCom Mega24 тиркемесинде "Өлбөс-өчпөс полк" онлайн жүрүшүн өткөрөт

 

2020-жылы биз Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын белгилейбиз. Канчалаган эр-азаматтарыбыздын өмүрүнө тете болгон бул алааматта бир да үй-бүлө четте калган эмес... Демек, учурдагы өзгөчө абалдын эрежелерин сактоо менен, “Өлбөс-өчпөс полку”жүрүшүн улантат!

Тактап айтканда, биз өзүбүздүн абоненттерибизге өз чоң аталарынын, чоң апаларынын, аталарынын, агаларынын эрдиктери жөнүндө онлайн форматта баяндап берүүсүнө шарт түзөбүз. Баарыңыздарды «5-канал», «ЭлТР», «НТС», «Кыргызстан» жана «Санат» телеканалдарында онлайн-форматта өтө турган жүрүшкө чыгууга чакырабыз.

Mega24 тиркемесинде “Өлбөс-өчпөс полк” онлайн-жүрүшүнө катышуу үчүн төмөнкүлөрдү аткаруу керек:

· Google Play Marketꞌтен же App Storeꞌдон Mega24 тиркемесин көчүрүп алуу же жаңылоо;

· «Портал» бөлүмүнө кирүү;

· «Өлбөс-өчпөс полк» баннерин басуу;

· нускама менен таанышуу.

Форманы толтуруу үчүн төмөнкүдөй иш-аракеттерди аткаруу зарыл:

· Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусунун бир сүрөтүн тиркөө (бардык функциялардын иштөөсү үчүн, Mega24 тиркемесин акыркы версияга чейин жаңылоо керек);

· катышуучунун аты-жөнүн жазуу;

· жайгаштырыла турган баяндаманы кошуу.

Биз согушта эрдик көрсөткөн баатырларыбыздын элесин түбөлүккө эсибизге сактайбыз жана аларга таазим кылабыз!

Эч ким, эч нерсе унутулбайт!


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: