super.kg logo

Өкмөт эл аралык валюта фонду берген каражаттардын бөлүштүрүлүшү тууралуу маалымат жарыялады

 

Эл аралык валюта фонду тарабынан берилген каражаттар 31-мартта борбордук казыналыктын учурдагы эсебине 120 миллион 85 миң доллар өлчөмүндө түшкөн. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, каражаттар 8-апрелде Улуттук банктын эсептик курсу боюнча 1 доллар 84,87 сом чегинде улуттук валютага конвертацияланып, толугу менен сомго айландырганда 10 миллион 256 миң сомду түздү. Ошол эле учурда 490 миллион 8 миң сомдун курстук айырмасы республикалык бюджеттин кирешелеринде курстук айырмачылыктан түшкөн киреше катары чагылдырылды.

2020-жылдын апрель айында Эл аралык валюта фондунун айтылган каражатынын эсебинен республикалык бюджеттин чыгашасына 8 миллион 896 миң 800 сом жумшалды.

  • айлык акыга 3 миллион 994 миң 400 сом;
  • социалдык керектөө үчүн 468 миллион 7 миң сом;
  • Социалдык фондго чегерүүлөр 1 миллион 834 миң сом;
  • Милдеттүү медициналык фондго чегерүүлөр 1 миллион 210 миң сом;
  • теңдөөчү чегерүүлөр 160 миллион 8 миң сом (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эмгек акысы);
  • калкты социалдык камсыздоо жана социалдык көмөк көрсөтүү боюнча жөлөк пулдар 869 миллион 2 миң сом;
  • медицина товарларын жана кызмат көрсөтүүлөрүн алуу 106 миллион 3 миң сом;
  • стратегиялык запастар 153 миллион сом (Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан эгин алууга);
  • коронавируска каршы күрөшүү максатында киргизилген чектөөлөрдөн улам оор турмуш шартында калган калк үчүн азык-түлүк алууга 100 миллион 4 миң сом.

Ошентип Эл аралык валюта фондунун каражаттарынын калдыгы ушул жылдын апрелине карата 1 миллион 359 миң 800 сомду түзөт. Ал 2020-жылдын майында республикалык бюджеттин социалдык маанилүү чыгымдарына жумшалат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
07.05.2020. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Тушунбодум. 120 миллион 85 мин доллар тушсо аны сомго айландырганда кандайча 10 миллион 256 мин сомду тузуп калат
07.05.2020. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
zamir.pochta, Мен да танданып жатам кантип эле????? Же эмне биздин сом доллардан жогору болуп кеттиби....
08.05.2020. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
zamir.pochta,Эми жедик деп ачык айтыш керекби.кызык эле адамсынар а ,озунор эле тушунуп алгылада .жебей журсода тан калсанар болот эмне болду деп
07.05.2020. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кытайдан карызыбызды эле толойп койбойбу, майдалап болуп жатып козго корунор деле иш бутбойт
07.05.2020. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
10млрд болуш керек элегооо. Бул жагы эмне болуп кетти ыя.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: