Түштүк Кореялык белгилүү футболчу Сон Хын Миндин аскердеги алгачкы сүрөтү жарыяланды



Түштүк Корея курамасынын жана англиялык "Тоттенхэм" футболдук клубунун чабуулчусу, 27 жаштагы Сон Хын Миндин аскерде жүргөн алгачкы сүрөттөрү жарыяланды.
Футболчу Чеджу аралындагы деңиз корпусунда аскердик мөөнөтүн өтөөдө. Ал үч апта бою негизги машыгуудан өтөт. Тактап айтканда, көздөн жаш агызуучу газга кабылат, курал атууну үйрөнөт жана аскерлер менен 30 чакырымдык маршка чыгат.
Түштүк Кореяда аскер мөөнөтү 21 айга созулат. Футболчу 2018-жылы Индонезияда өткөн Азия оюндарында мыкты оюн көрсөтүп, командасы менен жеңишке жеткендиги үчүн эки жылдык аскер кызматын өтөөдөн бошотулган. Бирок мыйзам боюнча, ал үч апта армияда кызмат өтөшү шарт.
Футболчу Лондонго май айынын ортосунда кайтып барары күтүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
3

Москвада мигранттар не болтат , ошол азыр башты жэп жатат .