super.kg logo

Чаткалда коронавируска шектелген тургундун кошуналары медициналык кызматкерлерге асылган. Бул факты боюнча тергөө жүргүзүлүүдө

 

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда коронавируска шектелген тургундун кошуналары медициналык кызматкерлерге асылып, уят сөздөр менен сөккөн. Окуя 2-майда аталган райондун Каныш-Кыя айылында орун алган дейт Жалал-Абад ОИИБинин маалымат катчысы.

"2-майда медициналык кызматкерлер аталган айылга барышып, коронавируска шектелген Б.Т. аттуу жарандан анализ алмакчы болушкан. Кызматкерлер үй ээсинен ПЦРге анализ алайын деп жатканда, анын эки кошунасы келип "анализ албайсыңар, андай оору жок" деп лаборантты жакалап түртүп, сыртка чыгарышкан. Андан кийин башка медициналык кызматкерлерди дагы сыртка чыгарып, уят сөздөр менен сөгүшкөн.

Үйдүн ээси баласын ооруканага жаткырбайм деп каршылык кылган. Дарыгерлер окуя тууралуу милицияга кабар беришкенден кийин каршылык көрсөткөндөр жана медициналык кызматкерлерге асылган жарандар обсервацияга жиберилген. Бул факты боюнча чара көрүп берүү үчүн А.Г. аттуу дарыгер арыз жазган.

Аталган факты боюнча топтолгон материал Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 280-берене (санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Учурда бул окуя боюнча тергөө кызматы тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деди мекеменин басма сөз катчысы.

Чаткал районунда 3-майда биринчи жолу 2 жарандан коронавирус аныкталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: