super.kg logo

Вице-премьер Аида Исмаилова маалымат жыйын берди. Анда ал социалдык маселелер боюнча маалымат берди (видео, хронология)

 

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова онлайн маалымат жыйын берди.


Башынан / Аягынан Маанилүү

2020-05-08 12:03

Исмаилова жарандарды үйдө болууга чакырды. "Бул ооруну сөзсүз жеңебиз. Жакшы жашоону жаңы максаттар менен баштайбыз деп ишенебиз", - дейт ал.

2020-05-08 12:01

"Жарандарды бардык талаптарды аткарууга чакырам. Балдарга өзгөчө көңүл буруу керек. Алар аз байланышта болушу зарыл. Шаарда, республикада, дүйнөдө абал кандай болуп жатканын билебиз. Өкмөт дагы коронавирустун жайылышына жол бербегенге аракет кылабыз", - деди ал. 

2020-05-08 11:57

Исмаилова билдиргендей, апрель айында медицина кызматкерлеринин айлыгы өз убагында берилген. "Айлык, кошумча каражат боюнча көзөмөлдөп турабыз", - деди ал.

2020-05-08 11:42

Вице-премьер-министр Жалдагы оорукана жабылып калды деген маалыматтар айтылып жатканын белгиледи. "Эпидемия башталгандан бери оорукана күнү-түнү иштеп жатат. Бир күндө 120-150дөй балдар кабыл алынууда", - дейт ал.

2020-05-08 11:40

Аида Исмаилова: "7-майга карата бир жолку кийүүчү коргоо костюмдары 52 миң 886 даана, көп жолку кийүүчү коргоо костюмдары 19 миң 524 даана", - дейт.

2020-05-08 11:37

Анын айтымында, канча жеке коргонуучу каражат бар экени эсептелген. "Медицина мекемелеринде канчасы түгөнүп жатканы боюнча республикалык штабдан маалымат алабыз. Ошол эле күнү толуктап беребиз", - деди Исмаилова.

2020-05-08 11:35

Аида Исмаилова өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал учурунда кызматтык милдеттерин аткарып жатып коронавирус жуктуруп алгандарга 200 миң сом өлчөмүндө компенсация бериле турганын айтты. "Кесиптик милдетин аткарып, каза болгондордун үй-бүлөсүнө 1 миллион сом берилет. Бир жолку компенсация төлөө үчүн республикалык бюджеттен 50 миллион сом бөлүнөт", - дейт ал.


кошулду
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: