super.kg logo

Ошто согуштун 6 ардагерине 30 миң сомдон сыйлык акча тапшырылды

 

Ош шаарында согуш ардагерлерине 30 миң сомдон акчалай сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу шаар мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Бүгүн, 8-майда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери Касымбай Жолдошов менен Салахидин Токтобаевден кабар алып, өлкө башчысынын куттуктоосун жеткирди. Ардагерлерге Кыргыз Республикасынын президентинин мааракелик медалдары жана шаардык мэрия тарабынан 6 согуштун ардагерине 30 миң сомдон тапшырылды", - деп айтылат маалыматта.

Ош шаарында 6 согуштун, тылдын 15 ардагери бар. Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын чоң салтанат менен өзгөчө майрамдоо пландалган болчу. Карантинге байланыштуу салтанаттар өтпөй турган болгон. 6 согуштун ардагери болгон аталарыбызга президент тарабынан буга чейин ар бирине 75 миң сомдон берилген.

"15 тылдын ардагерине 15 миң сомдон берилди. Мэрия тарабынан да согуштун 6 ардагерине 30 миң сомдон, тылдын 15 ардагерине 15 миң сомдон тапшырылды. Бир гана майрамдарда гана эмес, башка убакта да кабар алып турабыз. Мамлекет тарабынан көңүл бурулуп, ай сайын 17 миң сомдон жөлөк пул, ооруктун 4 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген катышуучусуна 2 миң сомдон жана тылда эмгектенген 11 ардагерлерге 1000 сомдон берилип турат. Мындан тышкары да ар кандай жеңилдиктер да бар", - деп билдиришти мэриядан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
08.05.2020. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жеңишти алып келген аталарга таазим
70 миңден берет деп атпады беле жылдан жылга азайып барат ардагерлер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: