"Фейсбук" компаниясы кызматкерлерине жыл аягына чейин үйдөн иштөөгө уруксат берди
"Фейсбук" компаниясы кызматкерлерине 2020-жылдын аягына чейин үйдөн иштөөгө уруксат берет. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар компаниянын өкүлүнө шилтеме берүү менен жазып чыгышты.Анда компания бардык ишин үй шартында аткара алган кызматкерлерине аралыктан иштөөгө уруксат берүүнү улантат деп айтылат. Белгилүү болгондой, компаниянын ири кеңселери 6-июлда ачылып, ишмердүүлүгүн улантат. Азырынча кайсы бөлүмдүн адистери кеңсеге келип иштей турганы тууралуу маселе чечиле элек.
Өткөн айда компаниянын жетекчиси Марк Цукерберг 2021-жылдын июль айына дейре жыйындар 50 гана кишинин катышуусунда өтөрүн билгилеген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-11-06
9:48
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















