super.kg logo

Президент мунапыс жөнүндө мыйзамга кол койду. Кимдер бошотулат? (тизме)

 

Президент Сооронбай Жээнбеков "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеӊиштин 75 жылдыгына жана 2010-жылдагы Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө" Кыргыз өлкөсүнүн мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Аталган мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 30-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзам жалпы кабыл алынган адам укуктарына жана эркиндиктерине урмат көрсөтүү менен гуманизм жана боорукердик принциптерин ишке ашыруу максатында кабыл алынган.

Мыйзамдын 1-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, кылмыш үчүн эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазыктык жазадан төмөндөгүлөр бошотулат:

1) 60 жаштан ашкан эркектер, ошондой эле 55 жаштан ашкан аялдар;

2) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген I жана II топтогу майыптыгы бар адамдар;

3) жашы жете элек экиден кем эмес балдары же ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген I жана II топтогу майып балдары бар үй-бүлөдө жалгыз багуучу болуп саналган адамдар;

4) анча оор эмес кылмыштарды биринчи жолу жасаган адамдар;

5) жалгыз бой эне болуп саналган аялдар;

6) көп балалуу аялдар;

7) ушул мыйзам күчүнө кирген күнгө карата жазасынын өтөлбөгөн бөлүгү бир жылдан аз мөөнөттү түзгөн аялдар менен жашы жете электер.

Ошону менен бирге 1-берененин 1-бѳлүгүнүн колдонулушу жайылтылбай турган кылмыштардын тизмеси бекитилген.

"Мыйзамдын 2-беренесине ылайык, 1997-жылдын 1-октябрындагы Кылмыш-жаза кодексинин, 2017-жылдын 2-февралындагы Жазык кодексинин, мунапыста көрсөтүлгөн кылмыштар боюнча жазасын өтөп жатып качып кеткендер, эгер ушул мыйзамдын күчүнө кирген күндөн тартып үч айдын ичинде жазаны өтөп жаткан жерге, камакта турган жерге же аскер кызматын өтөп жаткан жерге өз ыктыяры менен келсе, кылмыш үчүн эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазыктык жазадан бошотулат.

Кабыл алынган мыйзамдын 7-беренесине ылайык, ушул мыйзам «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 6-беренесинде белгиленген жактарга жана 7-беренесинде белгиленген кылмыштын түрлөрүнө карата колдонулбайт. Мыйзам, ушул мыйзамдын 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарды кошпогондо, сот тарабынан эркиндигинен ажыратууга соттолгон, бирок издөөдө жүргөн адамдарга карата колдонулбайт. Айлана-чөйрөсүндөгү адамдарга коркунуч жараткан оорулар (кургак учук, жугуштуу оорулар, венерикалык оорулар) менен ооруган адамдарга мунапыс актысы зарыл дарылоо курсу аяктагандан кийин колдонулат", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары мунапыс берүү жөнүндө мыйзамды колдонуунун субъектиси болуп жаза аткаруучу ыйгарым укуктуу органдан келип түшкөн материалдар боюнча же кылмыш иши боюнча — анын өндүрүшүндө турган сот саналат. Сот отурумунда мунапыс берүү жөнүндө мыйзамды колдонуу тууралуу маселе каралганда, прокурор милдеттүү түрдө катышат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана 6 айдын ичинде аткарылууга тийиш.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(12)
08.05.2020. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Садыр жапаровду киргизип койсо сонун болмок экен эле
08.05.2020. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Kultegin, Садыр 52ге кирди, эркектер 60 жаштан ашкандар дейт. Садырга илешиш учун дагы 8 жыл бар.
08.05.2020. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Садыр Жапаров илешет бекен?
08.05.2020. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Улуу жеңиштин 75 жылдыгы менен баарыныздарды куттуктайм достор
08.05.2020. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Азимжан Аскаров деген чал да чыкса керек эми.
08.05.2020. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Suzak12, Азимжандын жашы 69да туура келет экен,
08.05.2020. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
nurgaz, Азимжандыкы оор кылмыш эле, бул жерде анча оор кылмыш эмес деп туруго.
09.05.2020. 03:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
0001KG,Ишенич жок АША деле омур боюнча кеткен Батукаевти озу кызыл гилем менен узатып жибербеди беле.
08.05.2020. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Suzak12,Ошонун чыгышына НПОчулардын кызыгы куч болуп жатат. Дагын кыргын салгысы келип калган булардын. Ажимжан Аскаров ушундайларга керек да. Эгер ошол чыкса анда билбейм озунорду адамын мамлекетмин дебей эле койгула
08.05.2020. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Азимжан омур бою кесилиптир илешпейт
08.05.2020. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Chungyz,Ошону чыгарайык деп кайра кайра чакырык жасап жатышат. Шорубузду катырып атышат Озубуздон чыккан душмандар
09.05.2020. 03:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азимжан Аскаров Ош окуясында туздон туз тиешеси бар. НПОчулардын главный куралы. Бул киши кыргын салган Кыргыздарга. УОмоттун куралы болуп берген. Эгер ушул чыкса анда шорубуз кайнаган эл экенбиз Кыргыздар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: