super.kg logo

Сооронбай Жээнбеков Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттуктады

 

Президент Сооронбай Жээнбеков Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Улуу Ата Мекендик согуштун жылдары бизден алыстаган сайын, Улуу Жеңиштин мааниси, баасы, баркы мурдагыдан да даана көрүнүүдө. Жеңиш күнү - кубаныч менен кайгы, күлкү менен көз жаш аралашкан, өткөн тарыхыбызды сыймыктануу менен эстей турган күн. 9-Май — беш жыл бою, күнү-түнү күткөн, улуу муундун каны, өмүрү менен өлчөнгөн күн. Ушул күнгө жетүү үчүн кандуу согушта 27 миллионго жакын советтик адамдардын өмүрү кыйылган. Согуш апааты Кыргыз өлкөсүндөгү бир дагы үй-бүлөнү жандап өткөн эмес. Ар бир төртүнчү эр-азамат согушка аттанган. Жеңиш үчүн биздин республикабыз да оор жоготууларга туш болуп, 90 миңден ашык жердешибиз кан майданда баатырларча каза болгон.

Бүгүнкү урпактардын эркин жашоосу үчүн - аталарыбыз канын төгүп, өмүрүн, ден соолугун курмандыкка чалган. Ошондуктан Жеңиш күнүнүн бийик маанисин коргоого, Улуу Ата Мекендик согуштун сабактарын унутпоого милдеттүүбүз.

Бүгүн, Жеңиш күнү, Манас бабабыздын жолун улап, элин коргогон аталарыбыздын эрдигин сыймыктануу менен эстейбиз. Согуш жылдарын башынан өткөргөн ардагерлерибиздин катары, тилекке каршы, жылдан жылга суюлууда. Курман болгондордун жана кан майдандан аман келип, кийин арабыздан өтүп кеткендердин элесине таазим этебиз. Сиздерди сый-урмат менен кадырлоо ар бир жарандын ыйык милдети. Ар бириңиздерге бекем ден соолук каалайм. Арабызда аман болуӊуздар. Ар дайым жергебизде тынчтык, элибизде ынтымак болсун", - деп айтылат куттуктоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
08.05.2020. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Куттуктады,майрамдады,антти,мынтти деп ушул куйгузду,же ишинен дайын жок,озу билип эч нерсени чече албайт же
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: