super.kg logo

Президент: "Жалпы республиканын аймагында өзгөчө кырдаал режими сакталып, анын мөөнөтү дагы узартылат"

 

"Өзгөчө абал режими алып салынса да, ар бирибизден катуу тартипти сактоо, эрежелерди бекем кармануу талап кылынат", - деп бүгүн, 8-майда президент Сооронбай Жээнбеков Жеңиш күнүнө карата куттуктоосунда айтты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Азыркы учурда бир тарапта коронавирус илдетинин кесепеттери, экинчи жагында экономикага тескери таасир этчү коркунучтар турат. Дүйнөнү дүрбөлөңгө түшүргөн кырсыктан элибизди аман-эсен алып чыгуу үчүн болгон күч аракетибизди жумшап жатабыз. Илдеттин жайылуусуна бөгөт коюу, жарандарыбыздын ден соолугун жана өмүрүн сактоо үчүн өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдерин киргиздик. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик, дарыгерлерибиз, милиция жана аскер кызматкерлери күнү-түнү эмгектенишип, калкыбыздын өмүрүн сактоо үчүн болгон аракетти жасашууда. Айыл, район, облустардын жашоочулары жеринде тартипти кармап, кирген-чыкканды көзөмөлдөп, илдетке каршы күрөштө чоң жардам беришүүдө. Жалпы элибиз кырдаалды туура түшүнүп, сабырдуулук жана жоопкерчилик менен мамлекеттик органдардын аракеттерин колдоп, талап кылынган эрежелерди сактап берди. Эми экономикабызды жандандыруу үчүн ишкерликтин айрым багыттарына уруксат берилди. Алар өз жумушун кайрадан баштады. Мындан ары бардык тармактар боюнча бизнестин ишмердигин акырындап ордуна келтирүүгө муктажбыз. Бирок адамдарыбыздын ден соолугу жана өмүрү баарынан кымбат.

Ошондуктан жалпы республиканын аймагында өзгөчө кырдаал режими сакталат, анын мөөнөтү дагы узартылат. Өзгөчө абал режими алып салынса да, ар бирибизден катуу тартипти сактоо, санитардык–гигиеналык эрежелерди бекем кармануу талап кылынат. Ишканалардын иши жанданып, карым-катыш ачылган шартта да бул талаптарды кынтыксыз аткарууга милдеттүүбүз. Коомдун саламаттыгы үчүн мамлекет жооптуу. Бирок оорунун жайылып кетүүсүнө жол бербөө үчүн мамлекет менен катар ар бир жаран да өз жоопкерчилигин сезүүгө милдеттүү. Ыктыярдуу жоопкерчилик мурдагыдан да күчтүү болушу керек. Иш берүүчүлөр жана жергиликтүү бийлик чогуу аракет кылып, зарыл чаралардын баарын аткаруусу абзел.

Коомдун, өзүбүздүн, балдарыбыздын, жакындарыбыздын ден соолугу жана өмүрү үчүн мамлекет менен чогуу ар бирибиз жоопкерчиликти моюнга ала турган учур келди. Баарыңыздарга бүгүнкүгө чейин тартипти сактап, медициналык талаптарды аткарганыңар үчүн терең ыраазычылык билдирем.

Мындан ары да бекем тартип, биримдик менен бул аракеттер улантылат", - деп айтылат президенттин куттуктоо текстинде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(9)
08.05.2020. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ошондо дагы улантылат бекен? Түшүнгөн жокмун
08.05.2020. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Aikaaaa,озгочо абал жоюлуп ордуна кырдаал болот экен
08.05.2020. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Коомдун, өзүбүздүн, балдарыбыздын, жакындарыбыздын ден соолугу жана өмүрү үчүн мамлекет менен чогуу ар бирибиз жоопкерчиликти моюнга алышыбыз керек ден соолук болсо калганы болот азыр дүйнө жүзү боюнча абал кооптуу бойдон сакталууда
08.05.2020. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Дуйно жузу кооптуу абалда турса дагы ар бир мамлекет оз жарандарына кам коруудо!Биздин чондордун баарына наалат,президент деле кыйратпады эч нерсени!Мигранттар эми эмне кылышыбызды билбей отурабыз((Иштейин десен иш жок,Элчиликтен жардам жок,кетип калайын десен жол жабык,акчабыз тугонду((((
08.05.2020. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Aman_90, Кремльге барып Путинди уруп кел.
08.05.2020. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бизде өзүнчө чечим чыгара алышпайт. Бир казакстанды туурап эми Россияны туурап дагы узартылат экен да. Көз карандысыз өлкө дегенибиз эле болбосо баары бир көз каранды экенбиз да
08.05.2020. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
узарт деди узартыда моонотун башка эмне кылсын эми эл ачка отурса кредитердин процентери кетип жатат айланайын президент мырза элди угунуз банктарга бир коз салып коюунуз 3 ай каникул парламентте каттуу суйлогон депутатарга гана берилбестен карапайым калкгада берисин каникул
kamchatka түзөттү 2020-05-08 20:25:53
08.05.2020. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Чондордун капчыктары кампайган,курсактары ток карапайым элге эле кыйын болуп жатат,вирустан дагы элди кредиттер кунумдук тамак аш жетишсизлиги кыйнап жатат,акчанын баарын хап деп жеп коюп отурушат,ач бала ток бала мн ойнобойт деген макал биздин чондорго тиешелуу
09.05.2020. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Өзгөчө кырдаалда мамлекет мойнуна алат элдин баардык төлөмдөрдүн,кредит, коммуналдык төлөмдөр ж б, көрөбүз кандай болот экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: