super.kg logo

Өзгөчө кырдаалдар министри Баткендеги Исфана-Сай каналына жөө адамдар өтүүчү көпүрө курууну тапшырды

 

Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров Баткен облусунда иш сапарда жүрөт. Министр бүгүн, 8-майда Лейлек районунун аймагын кыдырып, Тогуз-Булак айыл аймагынын Кара-Булак айылында 2-май күнү катталган сел кирген турак үйлөрдүн жашоочулары менен жолугушту. Аталган аймакка министрлик тарабынан 100 даана габион торун жана атайын техника бөлүп берүү боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырма берди. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Андан соң министр Исфана шаарындагы сел кирген турак үйлөрдү жеринен көрүп, пост ГАИ тилкесиндеги сайдын жээгин механикалык тазалоо маселесин карады. Чимген айылындагы Шор-Булак сайындагы сел алып кеткен тосмону калыбына келтирүү маселесин жеринен көрдү. Беш-Бала айылындагы Исфана-Сай каналына жөө адамдар өтүүчү көпүрө куруу жана механикалык тазалоо тууралуу буйрук берди.

Самат айылындагы Исфана-Сай каналынын оң жээгиндеги селдин кесепетинен жуулуп кеткен сел тосмонун бүгүнкү абалы менен таанышты. Аталган айылдагы Исфана-Сай каналынын оң жээгиндеги узундугу 150 метр коргоочу тосмонун 60 метр жерин сел жууп кеткен. Сел тосмо секундасына 78,5 куб метрге ылайыкталган, 2-май күнү секундасына болжол менен 140-150 куб метр суу кирип, тосмонун 60 метр жерин жууп кетти. Аталган тосмо 24 турак үйдү сел басып калуу коркунучунан сактап калды", - деп айтылат маалыматта.

Министрдин иш сапары Баткен районунун башка аймактарында улантылат. Аталган иш-чарага министрликтин тиешелүү башкармалыктарынын башчылары жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: