super.kg logo

"Дарыгердик сырды ачыкка чыгарды" деген берене менен текшерүү башталды. Чаткалда жергиликтүү тургун дарыгердин үстүнөн арыз жазды

 

"Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Каныш-Кыя айылынын тургуну райондук оорукананын дарыгерине карата арыз жазды. Бул арыздын негизинде текшерүү иштери башталды", - дейт Жалал-Абад ОИИБинин маалымат катчысы.

Аталган айылдын тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда 2-май күнү Т.Ш. жана А.Ж. аттуу дарыгерлер арыздануучунун үйүнө келишип, баласынан коронавируска кайрадан анализ алышарын айтышкан.

"Мен баламды Чаткал райондук ооруканасына алып келсем эпидемиолог оорукананын короосуна киргизбей туруп, анализдин жыйынтыгын көрсөткөн. Бул учурда жанымда кошуналарым болгон. Анализдин жыйынтыгын кошуналардын көзүнчө жарыялап жибергендиги боюнча мыйзам чегинде чара көрүп бериңиздер", - деп кайрылган.

Бул арыз Чаткал РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 83-берене (дарыгердик сырды ачыкка чыгаруу) менен катталып, сотко чейин өндүрүш иши ачылды. Учурда текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат деди мекеменин басма сөз өкүлү.

Окуянын чоо-жайы:

2-майда медициналык кызматкерлер Каныш-Кыя айылына барышып, коронавируска шектелген жарандан анализ алмакчы болушкан. Кызматкерлер үй ээсинен ПЦРге анализ алайын деп жатканда, анын эки кошунасы келип "анализ албайсыңар, андай оору жок" деп лаборантты жакалап түртүп, сыртка чыгарышкан. Андан кийин башка медициналык кызматкерлерди дагы сыртка чыгарып, уят сөздөр менен сөгүшкөн.

Ал эми үйдүн ээси баласын "ооруканага жаткырбайм" деп каршылык кылган. Дарыгерлер окуя тууралуу милицияга кабар беришкенден кийин каршылык көрсөткөндөр жана медициналык кызматкерлерге асылган жарандар обсервацияга жиберилген. Бул факты боюнча чара көрүп берүү үчүн А.Г. аттуу дарыгер арыз жазган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
08.05.2020. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Абад облусу кайсыл жерде деп карапмын Жала Абад десенер
10.05.2020. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
erlanspb, таласта
08.05.2020. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ушинтип жашырышып кобойтот вирусту. Озу эле ооруса бир жон, башкаларга да жугузат. Коронавирус болсо эмне экен, андан коро убагында алдын алып даарыланган туура болотго, ооруну жашырса олум ашкере дейт.
08.05.2020. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Дарыгерлер тест тапшыргыла десе тапшырбаш керек, себеби тесттер Кытайдан келет, ичинде вирус бар. А тугул дарыгерлер вирус бар экенин оздору билишпейт.
09.05.2020. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Arai92, Кыргызстанда 67 миңден ашуун адам тест тапшырыптыр, анын ичинен 906 сынан гана вирус аныкталса, калганы таза чыгыптыр. Биздеги тесттер Кытайдан келген эмеспи сенин оюңча?
09.05.2020. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Arai92,Анан сен кайдай билесин аны. Ушу силерге окшогондор ар кайсыны суйлоп элдин башын айландырып атат. Дарыгердин айтканы менен болуп, вирустун мындан ары жайылып кетишине богот коюп, карантинден чыгалыбы эртерээк
09.05.2020. 08:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оздору тополон кылышып,элдин баарына жарыя болушуп,оздору видеолорго тартып интернетке жайып атышса,каяктагы врачебный тайна,озу кичине эле жердеги окуя болуп атса.
09.05.2020. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уурусу куч болсо ээсин доого жыгат болуптур.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: