"Чыр жер талашуудан улам келип чыкты". Баткен облусунун Көк-Таш айылынын тургуну ок Тажик тараптан атылганын айтты




Бүгүн, 8-майда Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасында чыр чыгып, ок атышуу болду. Бул тууралуу маалыматты Мамлекеттик чек ара кызматы да тастыктап, абалды оор деп билдирген.
Чыр жана ок атышуу Баткен районуна караштуу Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылында чыккан. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган айылдын тургуну билдирип, төмөнкүлөрдү айтып берди.
"Биз жакта интернет дагы жаман болуп жатат. Мен жашаган Көк-Таш айылында атыш болгонуна 1 саатка чукул убакыт болду. Уруштун чыгуусуна жер талашуу себеп болду. Айылыбызда каналдын астында 600 метр ылдый жакта кыргыздын жери бар. Ал жерди тажиктер келип трактор менен сүрдүрүп, ок чыгарган", - деди жаран.
Абал боюнча дагы кошумча маалымат берилет.
Чек ара чыры
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:04
2025-06-25
14:10
2025-06-25

Рейтинг:
-1

Эми эле уктук,коркуп уйкубуз качат экен эми. Биз го мейли ,наристелерге боорум ооруйт