Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму карантиндик чектөөлөрдү алып жана жумшартып жаткан өлкөлөрдү этият болууга чакырды
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму карантиндик чектөөлөрдү алып баштаган өлкөлөрдү этият болууга чакырды. Бул тууралуу уюмдун сайтында жарыяланды.
Маалыматка ылайык, алынган чектөөлөрдөн улам коронавирус инфекциясынын экинчи толкуну башталып кетиши мүмкүн. Коронавирус башка вирустарга караганда өтө тездик менен жайыла тургандыгын практика жүзүндө көрсөтө алды.
Буга чейин бир канча өлкө киргизилген карантиндик чектөөлөрдү жумшарта баштаган, айрымдары чектөөлөр май айында толугу менен алынарын билдирген.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дүйнө жүзүндө абал жакшыра баштаганына карабай өлкөлөрдү карантин эрежелерин так сактап, оорунун 2-толкунун болтуруп албоого чакырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
KalenAlmaz

08.05.2020. 22:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооруну бут дуйного тараткан силер.Баашында иштеш керек еле бул оору 2020 бутбойт дарт балаа десен дагы.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.