Нигерияда видеобайланыш аркылуу өтүп жаткан сот айыпталып жаткан жаранды өлүм жазасына тартуу өкүмүн чыгарды
Нигерияда карантинден улам соттук жыйын онлайн форматында өттү. Сотто видеобайланыштын Zoom сервиси аркылуу өлүм жазасына тартуу боюнча өкүм чыкты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, аталган соттук иш Лагосто шаарында өткөн. Анда Олалекан Хамидди аттуу жаран апасынын кызматкерин өлтүргөнү үчүн өлүм жазасына тартылган. Айыпталуучу, жактоочу, айыптоочу жана сот видеоконференция аркылуу байланышкан.
Адамдын укуктарын коргоо уюмдары соттук процесстин мындай өтүшү туура эместигин айтып чыгышты. Алар мындай учурда процесстин толук кандуулугуна жана анын ачык-айкындуулугуна ишенүү кыйын экенин билдиришкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.