super.kg logo

Кытайдагы коронавирустун очогунда иштеген дарыгер АКШнын президенти Дональд Трампка ачык кат жазды

 

Кытайлык медайым АКШнын президенти Дональд Трампка ачык кат жазды. Анда коронавирустун очогу болгон Ухан шаарындагы өткөн күндөрү жөнүндө айтып берип, АКШ элине коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө эң жакшы каалоолорун айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Хубэйдеги кесиптештерибиз менен өлкөнүн бардык аймактарынан келген 42 миң медициналык кызматкердин күнү-түнү кандай иштешкени дагы деле эсимде. Мага окшогон 42 миң дарыгер тайманбастан үй-бүлөлөрүн таштап, ар тараптан Уханга келишти. Ал жерде биз адамдарды куткаруу үчүн коронавируска каршы күрөш жүргүздүк. Эң оор күндөр артта калды. Баарынан да коронавирус менен ооругандардын айыгып, ооруканалардан чыккандарын, айрыкча карылардын айыгып кеткенине абдан кубандым.

Ар бир улгайган бейтапка өз ата-энебиздей кам көрдүк. Хубэй провинциясындагы 80 жаштан жогору 3 миң 600дөй бейтаптын тагдырына кайдыгер карабай жана эч нерседен кем кылбай айыктырдык. Ухандагы медицина кызматкерлери бардык адамдарды, анын ичинде 108 жаштагы бейтапты жана төрөлгөнүнө 30 саат болгон ымыркайды айыктырууга болгон күчүн жумшашты. Мен аябай бактылуумун жана мен аны менен сыймыктанам.

Учурда вирустун айынан көптөгөн америкалыктар жапа чегип жатканын билем. Көптөгөн америкалык дарыгерлер алдыңкы орунда турушат жана дагы башка белгисиз адамдар муктаждарга ар кандай жолдор менен жардам беришүүдө. Мен аларга салам айтам!", - деп жазган медицина кызматкери.

Буга чейин Дональд Трамп Кытай коронавирусту жашырган деп айыптап, алардан компенсация талап кыларын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(2)
09.05.2020. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Ушул кыйын кундор Кытайлардын айынан болду эмне болсо да жооп бериш керек! Американын ушул саясаты туура болуп жатат.
10.05.2020. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошондо Бишкекте эртенден баштап базарлар иштейби же жокпу туугандар?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: