super.kg logo

Кыз-келиндер кызматка көп алынган. Кыргыз милициясы Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында

 
Мындан 75 жыл мурда фашизмди жеңүү менен аяктаган Улуу Ата Мекендик согуш биздин ата мекенибиздин тарыхында эң оор, ошол эле учурда эң баатырдык жылдардан болду. Бул согуш 26 миллиондой адамдардын өмүрүн алып кеткен, анын ичинде 200 миңден ашууну кыргызстандыктар болгон. Ошондой эле жүз миңдеген шаарларды жана айылдарды жер менен теңеген.
Милиция кызматкерлери башкалар менен бирге өлкөбүздүн эркиндигин жана көз карандысыздыгын коргоп, душмандар менен фронтто, партизандык бөлүктөрдө жана ооруктагы кылмыштуулук менен күрөшүп турган.
Согуштун оор жылдарында милиция кызматкерлери өзүнүн ишин өзгөртүүгө мажбур болушкан.
Ал мезгилде милиция үчүн согуштук учурга мүнөздүү болгон жаңы кылмыштар менен күрөшүүгө туура келген. Алар: дезертирдик, аскерге кызмат өтөөдөн баш тартуу, дүрбөлөң салуучулук, провокациялык ушактарды таратуу жана башка. Согуш учурундагы мындай кылмыштар менен күрөшүүгө 1941-жылдын апрель айында союздук республикаларында бандитизмге каршы күрөшүү бөлүмдөрү түзүлгөн (БККБ). Ал эми 1942-жылы октябрь айында милиция кызматкерлерине соода-сатык жана башка маанилүү мекеме-чарбаларды кайтаруу милдети жүктөлгөн. Милиция башкармалыгынын курамында ведомстволук сырткы кароолдук кызматы уюштурулган.
Көптөгөн тажрыйбалуу ыкчам кызматкерлердин фронтко кетиши милициянын ишмердүүлүгүнө өз таасирин тийгизип, жумушун оорлоткон. Көп өлчөмдөгү иштерди аз сандагы өздүк курам менен аткарууга мажбур болушкан, ал эми фронтко кеткен эркек кишилердин ордуна кыз-келиндер милицияга кызмат өтөөгө дайындалышкан. Аял-милиция кызматкерлери участкалык ыйгарым укуктуу, тергөөчү, кайгуул кызматкерлери болуп, жол коопсуздугун жөнгө салып, коомдук укук тартипти камсыздап, ак ниеттүүлүгү менен кызмат кылышкан.
Согуш маалында адам өлтүрүү, тоноо, каракчылык кылмыштары өскөн, көп учурда орой түрлөрү орун алган. Мындай кылмыштарды көбүнчө түзөтүү-эмгек колонияларынан качкан дезертирлер жасашкан. Согуш маалындагы учурдан пайдаланып, дезертирлер кылмыштуу топторду түзүп, трофейлик куралдар менен куралданып, колхоздорго кол салышып, мал-жандыктарды айдап кетип, капчыгайларда жана үңкүрлөрдө жашынышчу. Бандитизмге каршы күрөшүү бөлүмү башка милиция кызматтары менен биргеликте республиканын аймагындагы бир нече кылмыштуу топторду жок кылышкан.
СССРдин Жогорку Советинин президиумунун жарлыгына ылайык, фронтто жана оорукта душмандар менен күрөшүүдө өзгөчө салымын кошкон 1 миң 400 милиция кызматкерлери орден жана медалдар менен сыйланышкан.
ИИМдин басма сөз кызматынын бул макаласында тарыхый материалдар колдонулган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: