super.kg logo

Милициянын кайгуул кызматы согуш ардагерлерин Жеңиш күнү менен куттуктады

 

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы боюнча милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгынын башчысы, милициянын майору Алмазбек Исаков баштаган МККБнын жалпы жамааты Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларын жана ооруктун эмгекчилерин Улуу Ата Мекендин согуштун 75 жылдык мааракеси менен куттуктады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, согуш ардагерлеринин кылган эмгегин, күжүрмөн, тайманбас баатырдык эрдигин баалап, жалпы милициянын кайгуул кызматынын атынан белегин жана акчалай сыйлыгын тапшырды. Азыркы жашап жаткан тынчтык замандын баркын баалай билүү менен ыраазычылыгын билгизип, бекем ден соолук, узун өмүр жана кайраттуу карылык каалашты.

Согуш ардагерлери азыркы муун жашап жаткан тынчтык замандын баркын баалай билүүгө чакырып, өздөрүнүн согуш учурундагы кыйынчылык, ачкачылык, фронтто фашисттик баскынчылар менен согуш учурундагы оор күндөрдү эскерүү менен айтып беришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
09.05.2020. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молотцы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: