Тарых илимдеринин кандидаты: "Согуш маалында оор мезгилге карабастан, Кыргыз өлкөсүнүн өнөр жай дүң продукциясы 22 пайызга өскөн" (маек)






Бүгүн, 9-май Улуу Жеңиштин 75 жылдыгы. Дүйнө тарыхындагы эң кандуу согуш атыккан жылдары миллиондогон адамдардын жаны кыйылган. Бул жылдар тарых барактарына унутулгус так калтырганы шексиз. Андыктан Жеңиштин баасы өтө кымбат болгонун эч ким чанбас. Тилекке каршы элибизге, жерибизге тынчтык орнотууга салым кошкон ардагерлерибиздин саны жыл сайын суюлуп бара жатат. Ал эми алардын эрдигин унутпай, сактап калуу кийинки муундун милдети. 1941-жылдан 1945-жылга чейин кандуу согуштун барактарын саргайтпай ачып туруу, аталарыбыздын эрдигин жана жер жүзүндөгү тынчтыктын баасын эскертип турат.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы 75 жылдан мурдагы согуш барактарын тарых илимдеринин кандидаты, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин "Тарых жана чөлкөм таануу" факультетинин деканы, профессор Туратбек Сырдыбаев менен бирге ачып көрдүк.
- Экинчи дүйнөлүк согуштагы кан майданга Кыргыз өлкөсүнөн канча адам кетти эле жана канчасы келбей калды?
- Кыргыз өлкөсүнөн согуш майданына 340 миңден 360 миңге чейин жоокер кеткен деген маалыматтар берилет. Ал эми кыргыз окумуштуу, тарыхчылардын (КУУнун профессору Алымкулов Н.А.) жаңы архивдик маалыматтарына таянсак, 384 миң жоокер согушка алынган деп берилет. Алардын 100 миңден ашууну согуш майданынан келбей калган.
- Улуу Ата Мекендик согуш дегенде көбүнчө аталардын эрдиги айтылат, эмгек фронтундагы апалардын салымы тууралуу айта кетсеңиз.
- "Талашып мекен намысын,
Шаңдантып кыргыз тарыхын.
Москва үчүн жан кыйган,
Баатырдын баатыр жарысың!" деп Акбар Токтакунов ыр саптарында жазгандай, согуш мезгилинде кыргыз эли фронт үчүн эмгектенишкен. Ошондо негизги күч аялдарга келген. Айыл чарбасынан тышкары, аялдар менен ѳспүрүмдѳр кѳчүрүлүп келген завод, фабрикаларда эмгектенишкен. Себеби согуш мезгилинде СССРдин европалык аймагынан 38 ири ишкана кѳчүрүлүп келген. Бул нерсе көп айтылбай келет, бирок согуш мезгилинде Кыргыз өлкөсүнүн ѳнѳр жай дүң продукциясы 22 пайызга ѳскѳн.
Мындан тышкары согуш маалындагы оор мезгилге карабай, Фрунзе-Рыбачье темир жолу салынган. Ал эми профессор Сабыр Аттокуровдун берген маалыматы боюнча, 1941-1945-жылдары темир жол курууда 40 миң колхоз жумушчулары тартылган. Алардын басымдуу бѳлүгүн аялдар түзгѳн.
- Экинчи дүйнөлүк согушту фашисттик Германиянын лидери Адольф Гитлер баштаганын баары билет. Ошентсе да согуштун ачылышына дагы кандай факторлор таасирин берген. Себеби мындай масштабдуу чабуул бир адамдын гана "эркелиги" болбосо керек.
- Экинчи дүйнѳлүк согуштун келип чыгышынын негизги себептеринин бири - биринчи дүйнѳлүк согуштун жыйынтыктарынын чечилбей калышы болуп саналат. Анткени биринчи дүйнѳлүк согушта жеңилген мамлекеттер кайрадан геосаясий кызыкчылыктарын жарата баштаган. Башкача айтканда, алар реванштык саясатты жүргүзүшкѳн. Алсак, 1937-жылы Япония мамлекети Кытай мамлекетине кол салган, 1939-жылдын май-сентябрь айларында СССР менен Япониянын ортосундагы Халхин-Голдогу согушу буга мисал.
- Согуш жылдары Кыргыз улуттук университети кандай режимде иштеген, эмне иштерди аткарган?
- Согуш жылдарындагы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин салымы зор. Алсак, ошол кезде университеттен 200дѳн ашык студент, 20дан ашык окутуучу окууларын, ишин таштап согуш майданына барышкан. Согуш жүргѳн ар кандай фронтторунда университеттин окутуучулары: Борис Зима, Атыгай Арзыматов, Анварбек Хасанов, Леонид Тузов, Мамытов, Салиев агайларыбыз эрдиктерин кѳрсѳтүшкѳн.
Ал эми 1941-жылы күз айларынан тартып университет Каракол шаарына кѳчүрүлгѳн. Ал жерде да согушка карабастан, университеттин окутуучулары ѳз ишин жигердүү аткара беришкен. Каракол шаарында 1943 –жылга чейин университеттин курамына эвакуацияланып келген мугалимдердин эсеби менен толукталып турган. 1942-жылы университетте 632 студент окуусун уланткан. 1941-1943-жылдары Кыргыз улуттук университетинин башкы имаратында №292, 1139, 4178 эвакуациялык госпиталдар жайгашкан.
-Турат агай, кызыктуу маегиңиз үчүн рахмат! Жерибизде эч качан согуш болбосун!

