super.kg logo

"Жол салсаң да жейсиң, үй салсаң да жейсиң...". Рэп аткаруучу Бегиштин саясатчыларга арналган эмгеги жарык көрдү

 

Рэп аткаруучу Бегиштин "Саясат" деген аталыштагы жаңы эмгеги жарык көрдү. Анда өлкөдөгү чек ара маселеси, медицина кызматкерлеринин абалы, коррупция, айтор, көйгөйлүү маселелер айтылат. Ыр элдин үнүн таамай чагылдырыптыр деп жакшы колдоого алынууда. SUPER.KG порталы рэпер менен байланышып, чыгарманын жаралышы тууралуу сурады.

"Акыркы кезде кайсы социалдык баракчага кирбейин элдин кыйналып жатканын көрөм. Учурдагы окуя абалды ого бетер курчутуп салды. Ошонун баарын ойлонуп, кайгы басып отуруп, эки сааттын ичинде ырдын сөзүн жаздым. Андан соң кандай кылып чыгаруу керектигин, идеяны ойлоп чыктым. Эртеси күнү үн жаздырып, бир күндө клипти тарттык. Клипке белгилүү блогер Болот Ибрагимов тартылса жакшы болмок деп ойлонуп, Инстаграм аркылуу жазып, сунуштадым. Ал ырды угуп жактырып, тартылууга макулдугун берди. Клипти ишке ашырууда эң оору мотоциклди табуу болду. Мотоцикл саткан кыргыз байкелерге канча чалып, сурадым, "мага кызыгы жок, андайдын мага кереги жок" деп болбой жатышты. Акыры Токмокто автомектепте иштеген Володя деген мырзанын мотоциклин таптык. Ага чалып, клиптин идеясын айтсам дароо эле "Бекер алып, каалаганча тартсаң болот, мен патриотмун да, мындай нерселерди колдойм" деп маселе жаратпай берип койду. Анвар Халмурзаев деген кичинекей кезден билген таанышым бар, ошол клипти тартты", - деп билдирди Бегиш.






Бегиш "Саясат"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(8)
09.05.2020. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чек ара не болду? Жазбай калдынарго!
09.05.2020. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Масалани чечпеди.
Же бийликтен кетпеди.
Баарын иштен бошотуп.
Кочукторго теппеди.

Samatalibei түзөттү 2020-05-09 17:19:52
09.05.2020. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Кысталак ушул ыр өзүнө жакты бекен
Мен олтурам сөрүдө,мен олтурам сөрүдө дегендей эле болуп калыптыр го
Krai түзөттү 2020-05-09 17:27:05
09.05.2020. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Өля ушуда ырбы
09.05.2020. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Ушу кантип болсун еми.
09.05.2020. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Мен ыр баштала элек,тааныштырып жатат деп атсам бутуп калды го.Сорудо отурган эженин ыры маанилуу болсо керек.
Бегиштин крышасы кайып кетсе керек,ушудан интервью алган журналистин да мээси айнып калган го..Хит эмес ит болот бул ыр менен.
17.05.2020. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кой айланайин жакшынакай эле болуп турат го ыр.
28.05.2020. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы ыр экен мааниси. Клиптин тартылышы да жакты. Так жана даана чагылдырыптыр бугунку койгойлорду. Рахмат балдарга. Эми ушуну бийлик укса го... Элмирбек Иманалиев оз стилинде берсе, Бегиш оз стилинде жеткириптир.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: