UFC 249: Турнирге бир күн калганда мушкерлердин биринен коронавирус аныкталды
Эртең, 10-майда АКШда өтчү UFC 249 турнирине катыша турган бразилиялык 40 жаштагы мушкер Роналду Соузадан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, коронавирус аныкталган Роналду Соуза ямайкалык 35 жаштагы мушкер Юрая Холлго каршы беттешмек. Бул эки мушкердин беттеши жокко чыгарылды.
"Сиз менен болчу беттеш жокко чыгарылгандыктан, мен турнирге катыша албай калдым. Сизге жана сиздин үй-бүлөңүзгө тезирээк сакайып кетүүнү каалайм", - деп билдирген ямайкалык мушкер.
UFC 249 турнири АКШнын Флорида штатындагы Жексонвилл шаарында болот. Турнир 10-май күнү саат 06:00дө (Бишкек убактысы боюнча) башталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(2)
Telibaitentek

09.05.2020. 19:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо эрте мененки алтыдабы
Kennedy

09.05.2020. 21:25
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кечки болсо 18 демек го.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.