Ала-Бука районундагы ардагерлерге унаа тапшырылды







Бүгүн, 9-май күнү Ала-Бука районунда Улуу Жеңиштин 75 жылдык мааракесине арналган салтанат өтүп, согуш ардагерлерине автоунаа тапшырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Айры-Там айыл өкмөтүнүн башчысы Мухтар Шербаев билдирди.
"Иш-чара "Белгисиз жоокердин" эстелигине гүл коюу менен башталып, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары: Айры-Там айылынын тургуну 94 жаштагы Насирдин Нармырзаев менен Баймак айылынын тургуну 94 жаштагы Хайдарали Аскаровго райондук мекеме-уюмдардын жетекчилеринин жана айыл өкмөттөрдүн башчыларынын демилгеси менен уюштурулган ВАЗ 2107 үлгүсүндөгү автоунаа тапшырылып, куттуктоолор жолдонду.
Аталган иш-чарага өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Эмилбек Абдыкадыров катышты. Ошондой эле согушта курман болгон жоокерлерге багышталып куран окулду. Ардагерлер менен катар эле оорукта эмгектенген энелерге да сый белектер тапшырылды", - дейт Шербаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
Belek1710

09.05.2020. 21:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Куттуктайбыз! 2107 чыгабы азыр заводдон?
Beka0007

09.05.2020. 21:06
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Belek1710, 2012-жылдан бери чыкпай калган.
nazir76

09.05.2020. 22:36
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Семерка сулуу авто
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.