super.kg logo

"Спасибо, Thank you, Merci, Danke". Европада жана АКШда 9-майды кандай майрамдашты?

 

Бүгүн, 9-майда бардык постсоветтик мамлекеттерде Жеңиштин 75 жылдыгына арналган эскерүү реквиемдери болуп өттү. Ал эми Европа мамлекеттеринин басымдуу бөлүгү бул тарыхый датаны 8-майда майрамдашат.

Экинчи дүйнөлүк согуштун расмий аякташынын 75 жылдыгына карата Берлиндеги Бранденбург дарбазасына төрт тилде "рахмат" деген сөз жазылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышат.

Бранденбург дарбазасына "Спасибо, Thank you, Merci, Danke" деген орус, англис, француз жана немис тилдериндеги ыраазычылык сөзү жазылды.

Ал эми Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II телекайрылуу аркылуу согуш ардагерлерине сый-урматын билдирип, таазим кылган:

"Ошол учурда кандуу майданда өздөрүн курман кылгандардын үзүрүн биз көрүп жатабыз. Качандыр бир кезде душман болгон өлкөлөр бүгүнкү күндө шериктеш мамлекеттер катары тынчтыкта иш алып барып жатат. Учурдагы кырдаалга байланыштуу бул маанилүү датаны ар бирибиз үйдө өткөрүп жатабыз. Бул, албетте, оор. Бирок биздин көчөлөр ээн эмес, ал биздин бири-бирибизге болгон камкордугубуз жана сый-урматыбызга толгон".

Ал эми океандан ары жагында АКШ президенти Дональд Трамп жубайы Мелания менен бирге экинчи дүйнөлүк согуштун курмандыктарынын эстеликтерине гүл чамбар коюшту. Андан соң президент ардагерлерге жолугуп, алар менен баарлашканын америкалык басылмалар жазышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: