super.kg logo

Кыргыз өлкөсү чек арадагы чыр боюнча Тажикстанга каршылык билдирүү нотасын жөнөткөн. Тажикстан буга жооп берди

 

Бүгүн, 9-майда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Тажикстан Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Назирмада Ализода чакырылган. Ал Мамлекеттик чек арадагы кыргыз-тажик участогунда 8-майда болгон чек ара чырына байланыштуу чакыртылганын ТИМден маалымдашты.

Ага ылайык, Кыргыз өлкөсүнүн аскер кызматкерлерине жана жарандарына карата гранатомет найлуу автоматтардан, анын ичинде топтук миномёттук куралдан бутага алып, ок атууга байланыштуу тажик дипломатына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин протест билдирүү нотасы тапшырылды. Ок атуунун натыйжасында, Кыргыз өлкөсүнүн чек ара кызматынын үч аскер кызматкери жана бир жергиликтүү тургуну оор жаракаттарды алышты.

"Тажикстандын аскер кызматкерлеринин жана жарандарынын Кыргыз-Тажик Мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды туруксуздаштырууга алып келүүчү ачыктан-ачык деструктивдүү жана чагымчыл аракеттерине тынчсыздануу билдирилди. Тажик тараптын жогоруда аталган мыйзамга каршы аракеттери элдин биримдигин жана тынчтык менен бейпилдикти сактоонун символдору катары саналуучу Улуу Жеңиш майрамынын алдында жана Орозо айында болуп жатканы абдан эле өкүнүчтүү. Кыргыз тарап чек арага жакын райондордогу кырдаалдын курчушу үчүн бүткүл жоопкерчиликти толугу менен тажик тарапка жүктөйт жана кырдаалдын андан ары курчушун болтурбоо жана күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу максатында кечиктирилгис чараларды кабыл алууну талап кылат", - деп жазылат ТИМдин маалыматында.

Ошол эле учурда Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги да ага жооп берген нота жолдогонун маалымдады. Анда жазылгандай, Кыргыз Республикасынын Тажикстандагы элчиси Жаныш Рустенбеков аталган өлкөнүн ТИМине чакыртылган.

"Ага тажик тараптан Кыргыз жарандары жана аскер кызматкерлери ок атышууга чейин жеткирген провокациялык аракеттерине каршылык нота берилди. Бул жаңжал Кыргыз жараны атайын эле курал менен ок атып, анын артынан Кыргыз чек арачылары буга аралашканы, мунун натыйжасында тажик тараптын чек арачылары аларга жооп берүүгө аргасыз болгондугу түшүндүрүлдү. Анын кесепетинен Тажикстандын 2 аскер кызматкери оор жаракат алып, ооруканада жатат. Буга байланыштуу кыргыз тарапка окуяга тиешелүүлөрдү аныктап, күнөөлүүлөрдү жоопко тартып, мындан ары мындай провокациялык окуяларга жол бербөө талабы коюлду", - деп жазылат Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматында.

Окуянын чоо-жайы:

2020-жылдын 8-май күнү Баткен облусунун Чек аймагындагы 50 сотых жер тилкеси үчүн кыргыздар менен тажиктердин ортосунда чыр чыккан. Аталган жер тилкеси изилденбеген аймакка кирет, бирок кыргыз тарап бул жер тилкесин пайдаланып келет. Жер тилкеси үчүн 30-40ка чукул кыргыздар менен 30-40тай тажиктер бири-бирине таш ыргытышып, уруш учурунда ок дагы атылган. Анын кесепетинен кыргыз тараптан 3 адам жабыркаган. Алардын абалы оор экени маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(22)
09.05.2020. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Демек,куноону мойнуна албаптыр.Эгерде Тажиктер кыргыз жеринде жашаганда давно жолду тосуп салмак.
09.05.2020. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Mister-X, масаланы чечалбаган адам жолду кантип жаба алмак эле.
09.05.2020. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Бийлик,Биз Таджикистанга кайра кучтуу жаш,бир нерсени кичине чече ала турган кадр жонотушубуз керек.Жаныш Рустембеков бул качанкы киши,колунан да эчтеке келбейт.
09.05.2020. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Элим жерим деп чек арада тик турган чек ара маселесин которуп чыккан кыргыз азаматтарыбызды камап койдунар эле. Мына эми Тажиктер 3 жоокерибизди атып чала олук кылып койду эми кимди камайсынар?
09.05.2020. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кыскасы бийлик чече албайт экенда э,эл өздөрү чечип алсынбы ошондо я
09.05.2020. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Эшектин тушоосунда чече албайт бул биздикилер,чечсе ушул убака чейин чечмекда.значит согуш токтобойт экенда э.
09.05.2020. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Алар коркпой ата беришет эч ким унчукпайт аларга.Кошунам Баткенде чек арада служба кылган тажиктердин келип тийишип урушкан экен бироосун аткан андан кийин топтолуп келип алып кетип сабап камап коюшуптур.Кийин озубуздукулор алып келип камап салышкан.Азыр деле биздикилер атса камалат гарантия ошо учун аткысы келбейт
09.05.2020. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Биздикилер "нааразылык" НОТАСЫН жиберсе,тажиктер "провакацияга жол бербоо" ТАЛАБЫН коюшуптур,байкадынарбы айырмасын биздикилер кандай суйлойт,тигилер кандай чечкиндуу турдо суйлойт...Жогоруда айткандай биздин бийлик эшектин тушоосун да чечпейт!Шалаакы,чечкинсиз окмот!!!
10.05.2020. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Nur777,Туура биздикилер тең ата сүйлөшө албайт
09.05.2020. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Айбалаевдей Адам керек
10.05.2020. 05:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
bekbol2006, Ал киши канча жыл иштети ошондо чечсе чечет эле да чече алган эмес
10.05.2020. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ак уй менен кок уйду Исфанага кочуруш керек
10.05.2020. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эмомали Рахмон аябай начар адам кошуналыкка жарабаган Ооба ооба деп жылмайып макул болуп акырын айтып койдуда ата бергиле жоопко тартпайбыз чек араны коргогула деп
10.05.2020. 02:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Djumahmatov,Бек Борбиевдин жубайлыкка жарабаган деген ыры менен башталатго коментарийиниз
10.05.2020. 03:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Урматтуу Баткен облусунун эркек тургундары, шумкарлары ,баарынар биригип бир жакадан баш, бир женден кол чыгарып Таджикистанга откон жолду, жанагы чон курсактардын бензинин ташыган камаздарды откорбой койгула, колунардан келет ,бийликке ишенбей эле озунор ишти кыла бергиле!
10.05.2020. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ziregim,билбей сүйлөй бербегиле, Баткен деле Кыргызстан ал жерде да милиция бар кыргызды камай турган.
10.05.2020. 05:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азыр граница жабык турат бирок бензин өтүп жатат ошого Баткенден жолду тосуп бензовоздорду Лейлеке жеткидей кылып өткөрүп калганын өткөрбөш керек . И дагы бир пост коюш керек Кайрагач постун алдына болду тажике вообще киргизбеш керек вот ошондо чондорго акча түшпөй калганда кыймыл кылат ошондо. Тажиктин мусор продуктасын строй матриал жана башка бүт эле нерсеси мусор эн арзан сапаты жок товарларды сатышат. Ошого ойлонуп эч нерсе албай и жана бербеш керек
10.05.2020. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
нотага нота жоп ошо менен бутту
10.05.2020. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул не деген нерсе, колунда куралы жок элге ок атып жатышат,жапкыла чек араны,суйлошууго кандай инструмент тер болсо баарын колдонгула, жолду жап, сууну тос,мына жаныш Рустамбеков, ушундай бок курсактарды жоготкулачы, эшектин тушоосун кеспегенден кийин,жаш кадрлар керек,чекис аламдарды койуш керек ТИМге, бекназаров бар, конкойуп, булар олгончо иштешеби, бул камала турган адамдарды кайра кызмат берип, ээ бул кыргызга куйгон адам Барбы, урматтуу президент
10.05.2020. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Аталган жер тилкеси изилденбеген аймакка кирет, бирок кыргыз тарап бул жер тилкесин пайдаланып келет.", "изилденбеген" деген сөз такталбаган тилкеби. Демек такталбаган жер болсо анда кыргыздар биз күнөөлүү экенбиз да. Болгону биздикилер пайдаланганы менен картада ал жер талаш маселе жараткан жер экен
10.05.2020. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жолду жаап койсо эле тажиктер баш ийет
10.05.2020. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизге качан АЛЛАХЫМ Кыргыз деп куйгон жетекчи берет экен мына жеп ичкичтер акыретин ойлобогон акмактар экен го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: