super.kg logo

Кыргыз-Тажик чек арасында ок тийген аскер кызматкеринин абалы оор. Ал Бишкекке алып келинери айтылды

 

8-майда Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасындагы чырдан ок тийип жаракат алган С.уулу М. аттуу аскердин абалы оор. Аны Бишкекке алып келип дарылоо маселеси каралып жатканын Баткен облустук администрациясынан билдиришти. Аскерди борбор калаага алып кетүү же ордунда дарылоо боюнча азырынча расмий маалымат айтыла элек.

8-майда Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасында ок атышуу болуп, Мамлекеттик чек ара кызматынан абалды оор деп билдирген. Ал эми андан кийин, чырдан улам 3 аскер кызматкери жана бир тургун жаракат алганы маалымдалган. Анын эртеси Кыргыз өлкөсү чек арадагы чыр боюнча Тажикстанга каршылык билдирүү нотасын жөнөткөн. Нотага Тажикстан жооп берип, анда Кыргыз тарапка окуяга тиешелүүлөрдү аныктап, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу талабын койгон. Ушундай эле талапты Кыргыз тарап да Тажикстанга жөнөткөн нотада айткан.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги жабыр тарткан 3 аскердин абалы боюнча маалымат берип, октон жаракат алган С.уулу М. аттуу жарандын абалын өтө оор деп билдирген.

"Жабырлануучу С.уулу М. 1994-жылы туулган. Ал кыр арканын көкүрөк тушуна, курсак жана жамбаш сөөгүнө октон жаракат алган. Ага операция жасалган, абалы өтө оор", -
дешкен мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
10.05.2020. 08:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бийликтеги ХХХХ айыган ушинтип жапжаш жигиттерибиз майып болуп калып атат.Бизнес кылабыз деп чек араны жаппай кутуруп атышат ХХХХ тажиктер.Кечирим суратканга кыйын эленер кана тажиктерди кечирим суратып видеосун киргизип койгулачы
Модератор admin_portal түзөттү 2020-05-10 23:24:50
10.05.2020. 08:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Чек арада жашаган тургундардын документы жок окмот дакмент бербейт ошол себептет тажиктер кун санап кирип келет кирип келген Тажике окмоту ар бир уйлорго документ кызыл китепин берет текшергенде тажик жарандарда документи бар болуп мыйзамду болуп калат Кыргыз окмоту суйлошуу болуп атат деп жерди алдырып жиберип атабыз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: