super.kg logo

"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирусту жуктургандар 4 миллиондон ашты

 

10-майга карата дүйнө жүзүндө коронавирус жуктургандардын саны 4 миллион 23 миң 539га жетти. Алардын арасынан 1 миллион 375 миң 618 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылса, 279 миң 307 адам каза болду.

Дүйнө боюнча вирус жуктурган өлкөлөрдүн сап башында турган АКШда 1 миллион 309 миң 159 адам катталган. Анын 212 миң 534 бейтабы сакайып, ооруканадан чыгарылса, каза болгондордун саны 78 миң 792ге жетти.

Испанияда 223 миң 578 адамда коронавирус инфекциясы катталган. Андан 133 миң 952 адам айыкса, 26 миң 478 бейтап көз жумган.

Италияда 218 миң 268 адамдан вирус табылган. Анын 103 миң 31 бейтабы айыгып, 30 миң 395 адам кайтыш болгон.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
10.05.2020. 08:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эвропа менен Америка кырылып буткулочу тез!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: