super.kg logo

"Коронавирус жок деген туура эмес. Адамдар ооруп, каза болуп жатышат". Үсөнбаев вирустун бар экенине ишенбей жатам дегендерге жооп берди (видео, хронология)

 

Бүгүн, 10-май күнү саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча брифинг өткөрдү.


Башынан / Аягынан Маанилүү

2020-05-10 10:37

Министрдин орун басарына "өлкөдө "вирус жок, ишенбейбиз" дегендерге эмне деп жооп бере аласыз?" деген суроо берилди. 

"Коронавирус деп дүйнө жүзү дүңгүрөп жатат. Ооругандар бар. Каза болуп жатышат. Биз коркунучтуу жагдайларды көрүп жатабыз. Вирус жок дегенге кошулбайм. Антип айтсак дагы факты менен сүйлөсөк", - деди Үсөнбаев.

2020-05-10 10:33

"Бет кап кийбей жарандарыбыз көчөгө, коомдук жайларга чыгып жатышат. Бул туура эмес. Биз коомдук тартипти сакташыбыз керек. Биздин азыркы аракеттин баары андай болсо текке кеткени да. Андыктан биринчи өзүңөрдүн жакындарыңарды эске алуу менен эрежелерди сактагыла", - деп кайрылды орун басар.

2020-05-10 10:30

"Бүгүнкү күндө 3 миңге жакын объект текшерилди. Алардын арасында эрежелерди сактабай жаткандар бар. Кечээ, 9-майга карата 170 миң сомго жакын тейлөө жайларга айып салынды. Эрежелерди сактагыла", - деди Үсөнбаев.

2020-05-10 10:23

"Соль-Илецк шаарынан келгендер обсервацияга алынгандан кийин медицина кызматкерлери менен түшүнбөстүктөр орун алды. Биз мындан улам милиция кызматкерлерин ал жакка чакырганга туура келди. Кээ бир мекендештерибиз обсервациядан качып кетүүгө да аракет кылды. Биз аларга жакындары үчүн бул кооптуу экенин түшүндүрүп жатабыз", - деди министрдин орун басары.

2020-05-10 10:20

10-майга карата өлкөдө COVID-19 вирусун жуктурган 1002 адам катталды.
Стационарда – 260; алардын ичинен жандандыруу бөлүмүндө – 4;
Ооруканадан чыгарылды – 675;
Каза болгондор – 12.

2020-05-10 10:15

Соль-Илецк шаарынан алып келингендердин арасынан жалпысынан 55 кишиден коронавирус чыкты.

2020-05-10 10:11

Оор абалда 9 жаран жатат. Анын төртөө жандандыруу бөлүмүндө.

2020-05-10 10:08

Бир суткада 1 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды.

2020-05-10 10:07

2020-жылдын 10-майына карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 71 адам жуктуруп алды.

Вирус аныкталгандар:

Бишкек шаары - 2;
Чүй облусу - 56 (алардын ичинен 55и Соль-Илецк шаарынан келгендер);
Жалал-Абад облусу - 5;
Ош облусу - 3;
Баткен облусу - 4;
Нарын облусу - 1.

Республика боюнча: 1002.

2020-05-10 10:05

Бир сутка ичинде 17 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Айыккандар:
Бишкек шаары - 7;
Ош шаары - 5;
Нарын облусу - 4;
Жалал-Абад облусу - 1.
Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 675 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.


кошулду
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(11)
10.05.2020. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Аа кысталактар Орусиядан да жөн келбепсинер да отура тургула десе болбой алкынасынар
10.05.2020. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Соль илецктен текшерип жонотту элего тестеринер туурабы ошол жакты да текшергиле иттин анализин жонотсо деле чыгып калып жатпайбы
10.05.2020. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
элге жакшы нерсе азыр жакпай калды катуу диктатор керек болуп калды Ким Чен сыяктуу
10.05.2020. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Билбейм, эмне учун чегараларда жалан кыргызстандыктар эле бар. Башка олко мисалы тажик же узбек жарандары жок. Же алар жонундо малымат жок болуп жатабы. Же аларды чегарада турбастан эле откоруп жатабы.
10.05.2020. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мурда оору бар экен деп ишенишкен.Азыр эч ким ишенбейт.Оруду дегенинер орубадым дейт каза болгондор башка орудан каза болду деп атышат.Коронавирус деп атып ооруканаларды жаап салдынар башка оругандар не уйундо дарыланабы
10.05.2020. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эчки менен ситрустан чыккандар кийин
10.05.2020. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Деги диагнозунар туура элеби
10.05.2020. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дагы качанга чейин элди алдап акча жегениңерди улантасыңар жок эле ооруну шылтоолоп.факт жок болуп жатпайбы силерде.эл уже чыдабай калды ээй ойлонгула
10.05.2020. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тан калычтуу мен да анчеле ишене албай турамда ушул вирус бар экенине
10.05.2020. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен жазында грипп болчу элем быйыл коркконуман грипп да болбодумго чиркин.Азыр чүчкүрсөң эле өлдүң коронавируссуң.
10.05.2020. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Вирус бар болгон куну дагы грип сыяктуу онойле, гриптен дагы адам олгон учурлар болгон
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: