super.kg logo

Биринчи вице-премьер: "Билем, баарыңарга оор болуп турат. Бир аз чыдап, үйдө болуп бергиле" (видео, хронология)

 

Бүгүн, 10-майда биринчи вице-премьер-министр жана республикалык ыкчам штабдын жетекчиси Кубатбек Боронов өлкөдөгү абал тууралуу маалымат жыйын берди.


Башынан / Аягынан Маанилүү

2020-05-10 15:48

Кафе, ресторандар акыркы этап менен ачыла турганы айтылды.

2020-05-10 15:42

"Салык кызматына алган өткөрмө кагаздарына мөөр бастырыш үчүн барган жарандар аралыкты сактоону сунуштайм. Себеби ал жакта дагы адамдар топтолушу мүмкүн. Эми жарандарыбызга дагы да болсо чыдап, түшүнүп берүүңүздөрдү суранабыз. Силерге азыр оор болуп турат, бирок биз бул жолго барууга аргасызбыз. Мен вирус жуктуруу басаңдады дегенден алысмын. Өлкөдө абал оор эле. Андыктан үйдө отуруп бериңиздер", - деди Боронов.

2020-05-10 15:41

"Мындан ары карантин кирген аймактарды жергиликтүү бийлик өкүлдөрү көзөмөлдөйт. Мисалы, Бишкек шаарын, шаардык мэрия. Ал эми шаарга алыскы аймактардан келип иштеген кызматкерлер атайын "пропуск" алуу менен эч тоскоолдуксуз посттордон өтө алышат", - деди Боронов.

2020-05-10 15:39

"Үй карантинде жаткандар эрежени бузса, айып салынат. Андыктан анын эрежесин туура сактап отуруп туруңуздар", - деп кайрылды биринчи вице-премьер-министр.

2020-05-10 15:35

Коомдук транспорт азыр ишке кирбей турганын анын ордуна такси кызматы иштей турганы айтылды.

2020-05-10 15:34

Региондордогу каттамдар азайтылып, ал эми азык-түлүк ташыган унаалар иштей бере турганы айтылды.

2020-05-10 15:31

Май куюучу жайларда, май куйган жерлерде бир эле адам иштеши керек жана ошол иштеген адам атайын коргоочу кийимдерди кийиши зарыл.

2020-05-10 15:26

"Эгерде биз айтып жаткан эрежелер эртең ишке кирген ишмердүүлүктөрдө сакталбаса, алар жазага тартылат. Эгер ишке кирип жаткан экономика тармагындагы кызматкерлер эреже сактабай, вирус жуктуруп, аны жайылтып, андан адам каза болсо, анда ошол күнөөсү бар адамдар камакка дагы алынат. Мындан улам айтылган эрежелерге кулак салып, аны сакташ керек", - деди Боронов. 

2020-05-10 15:22

Эртең, 11-майдан баштап экономикалык ишмердүүлүккө уруксат берилет. Анда жеке ишкерлер өзүнүн компаниясында карантиндик эрежени сактоосу абзел. 

2020-05-10 15:21

Республика боюнча ар бир жаран эрежени туура сакташыбыз керек. Болбосо вирус күчөп кетүү коркунучу чоң. Эртеңден баштап экономикалык тейлөөлөр иштеп баштайт.

2020-05-10 15:20

Мамлекеттик кызматкерлер мурдагыдай эле режимде иш алып барышат. Ал эми жеке бизнес ээлеринен, ишкерлерден туура карантиндик эрежени сактоону өтүнөбүз!

2020-05-10 15:19

Кээ бир аймактарда вирус күчөп кетүү коркунучу бар. Ал эми карантин кирген аймактарда карантиндик-санитардык посттор болот.

2020-05-10 15:14

Өлкөдө өзгөчө абал алынып, ал эми өзгөчө кырдаал алынган жок. Азыр 28 миңдей адам үй карантинде. Кээ бир аймактарда 11-майдан баштап, Бишкек, Ош шаарында, Ат-Башы, Чаткал райондорунда карантин улана турганы маалымат жыйында айтылды.

2020-05-10 15:12

"Такси кызматы эрежелерди туура сактабай жатат. Күнүгө алардын унаасына 40-50 адам отурушу мүмкүн. Вирус жугуу коркунучу күч. Андыктан айтылган эрежени сактагыла", - деди Боронов.


кошулду
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
10.05.2020. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыргызстанда айлык такси менен жүргөнгө жетет 100000сомдон айлык алып жыргап жатышат. Коронавирус башталганда катуу караш керек эле. Жугуп бүткөндөн кийин эмес. Коронавирустан бийликтегилер пайда көрөт карапайым калк азабын тартат. Бир күнү эл жарылат бийлигинерди сактай албай каласыңар.
10.05.2020. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Силерге бир аз чыда деп айтып койуш оңой! Бир аз чыдаш кыйын болуп жатпайбы! Ачкадан өлгөн жаткандарга да бир аз чыда деп айтарынарга таң калбай койсо болот.
10.05.2020. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Силер алган акчаны болушуп,жеп ,тоюп жарылгыча чыдай туралы ээ?
10.05.2020. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХХ не кылып эле жатышат
Модератор admin_portal түзөттү 2020-05-11 11:41:05
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: