super.kg logo

Айрым аймактарда кар жаашы күтүлөт. 15-майга чейинки аба ырайы тууралуу маалымат

 
11-15-май аралыгында республиканын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы
11-13-майда жана 14-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
14-майда күндүз жана 15-майда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.
15-майда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14-майда күндүз 14 метрге жетиши күтүлөт.
Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы
11-майда жаан-чачын күтүлбөйт.
12-майда күндүз тоолуу райондордо жамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
13-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Ал эми күндүз Талас облусунун айрым райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлүүдө. Чүй облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.
14-майда түнкүсүн Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.
14-майда күндүз жана 15-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
15-майда күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы
11-майда жана 12-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
12-майда күндүз тоолуу райондордо жамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
13-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Ал эми күндүз жана 14-майда түнкүсүн Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.
14-майда күндүз жана 15-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
15-майда күндүз Ош облусунун көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы
11-майда айрым жерлерде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир аймактарда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
12-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 12-майда күндүз тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлүүдө, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
13-майда жана 14-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
14-майда күндүз жана 15-майда түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 15-майда күндүз көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14-15-майда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы
11-майда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.
11-майда күндүз, 12-14-майда жана 15-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
15-майда күндүз мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, 11-майда жана 15-майда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы
11-майда жана 12-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
12-майда күндүз айрым райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.
13-майда жана 14-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
14-майда күндүз айрым райондордо, 15-майда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 13-майда күндүз жана 14-15-майда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: