super.kg logo

Премьер-министр: "Эгерде коронавирус жок болсо, андан каза болгондор да болмок эмес"

 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөдө коронавирус инфекциясын жугузуп алуу коркунучу дагы да сакталып жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 10-майда республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтканын өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бүгүнкү күндө социалдык тармактарда коронавирус оорусу жок экендиги, бул ойлонулуп табылган нерсе, ал эми бийлик жарандарды негизсиз үйдө отурууга мажбурлоодо деген сыяктуу талкуулар жүрүүдө. Мен жарандарды мындай билдирүүлөргө ишенбөөгө чакырам. Өлкөдө коронавирус инфекциясын жугузуп алуу коркунучу дагы да сакталууда. Эгерде бул дарт жок болсо, андан каза болгондор да болмок эмес. Тилекке каршы, биз бир медицина кызматкерлеринен айрылдык", - деди өкмөт башчы.

Мухаммедкалый Абылгазиев ошондой эле мекендештерди себепсиз үйдөн чыкпоого, адамдар көп чогулган жерлерден алыс болууга, бет кап кийүүгө жана башка санитардык эрежелердин талаптарын аткарууга чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: