super.kg logo

4 айлык тыныгуудан соң. Кытайда кинотеатрлардын иштөөсүнө уруксат берилди

 

Кытайда кинотеатрлардын иштөөсүнө уруксат берилди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кытайда кинотеатрлар январь айында жабылган. Эгер санитардык эрежелерди сакташса, алардын иштөөсүнө уруксат берилди. Иштөөнү каалаган кинотеатр жетекчилиги көрүүчүлөрдүн аралыкты сактоосуна шарт түзүп, залды бат-баттан желдетип туруусу жана үзгүлтүксүз тазалап, дезинфекция жүргүзүп туруусу керек болот. Ал эми көрүүчүлөр милдеттүү түрдө медициналык бет кап тагынуусу шарт. Азырынча Кытайдын мамлекеттик кеңешинде кинотеатрлар качантан баштап ишин баштаары тууралуу так айтыла элек. Кошумчалай кетсек, мартта айрым кинотеатрлар эшигин ачып, ишин баштаганы менен көрүүчүлөр кооптонуп келишкен эмес.

Маалыматка ылайык, өлкөдө коронавирус пандемиясына байланыштуу 2300гө жакын кинотеатр банкрот болгон. 2019-жылы билет сатуудан түшкөн киреше 9 миллиард 200 миллион долларды түзсө, 2020-жылы киреше кескин азайып, 4 миллиард 200 миллион долларга жетүүсү мүмкүн деп болжолдонууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: