super.kg logo

Германияда карантиндик шарттар жеңилдетилгенден кийин коронавирусту жуктуруп алгандар көбөйдү

 

Германияда өткөн аптада карантиндик чектөөлөр жеңилдетилген. Мындан улам аталган өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандар кескин көбөйдү деп жазышат дүйнөлүк басылмалар.

Инфекциялык ооруларды изилдеген Германиянын Роберт Кох атындагы федералдык институтунун маалыматына ылайык, вирусту жуктуруу боюнча 11 кишиге 10 оорулуу туура келет. Чектөөлөр алынганга чейин вирусту жуктуруунун саны аз болгон дешкен аталган институттан.

"Коронавирусту көп жуктургандар федералдык аймактардагы эт комбинаттарында катталууда. Мындан улам бийлик комбинаттардын ишин токтотууга мажбур болушту. Карантиндик шарттарды жеңилдетүүдө вирустун жайылуусу күчөсө, анда мурдагыдай карантиндик шартка кайтууну канцлер Ангела Меркель билдирген. Ооругандардын көбөйүп жатканы айрым аймактын тургундарынын нааразычылыгын жаратып, чектөөлөрдүн алынышы алардын вирусту жуктуруп алуусуна мүмкүнчүлүк болуп жатат дешкен", - деп айтылат маалыматта.

Германияда бүгүнкү күндө 171 миң 879 жарандан коронавирус аныкталып, анын 7 миң 569у каза болду. Ал эми 144 миң 400 жаран илдеттен айыкты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
11.05.2020. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ошон учун бизде да тартип катуу болуш керек дагы 1 ай
11.05.2020. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Намёк
11.05.2020. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nurmuhammad-19-07, коомдук адепке туура келбеген, сөгүнгөн, уят сөздөр үчүн БАН!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: