super.kg logo

"Эл ачка калганы үчүн мекенге кайтып жатат". Оренбургдагы Бузулук районунда калып калган кыргыздар чатырларда жашап жатышат

 

7-майда мекенге кайтып келе жаткан 70ке чукул кыргыздар Казак-Орус чек арасында, тактап айтканда, Оренбург облусунун Бузулук районунда калып калышканы кабарланган. Чек арадан өтө албай калган мекендештердин маселеси чечилип, алар балдар лагерлерине убактылуу жайгаштырыларын Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен билдиришкен.

Бүгүн, 11-майга карата Бузулук районундагы кыргыздар ээн талаада 5 күндөн бери калып, чатырларда жашап жатышат. Бул тууралуу өлкөгө кайтам деп чек арада калып калган мекендешибиз тарабынан белгилүү болду.

ОРУСИЯДАН ЭМНЕГЕ КЕТИП ЖАТЫШАТ? ЭЛ АЧКА КАЛДЫ

- Биз отурган автобусту полиция кызматкерлери токтотушуп, айдоочуну артка кайтарган. Биз өлкөгө кайтабыз деп түшүп калып, жөө дагы бастык. Учурда Оренбург облусундагы Бузулук районунун кире беришиндеги талаадабыз. Ал жакта 4 күн болдук, эртеси күнү орустар бизге чатырларды алып келип, тигип беришти. Башында 55 киши чек арада калып калганбыз, аркабыздан дагы мекенге кайтабыз дегендер келип, азыр 200дөй кыргыз топтолуп калдык. Өлкөгө кайтабыз дегендер автобустар менен, айрымдары өздөрүнүн унаалары менен дагы жолго чыгышкан.

Баарыбыз кыргыз жергесине кетебиз деп жатабыз. Орусиядан эмнеге кетип жатышат? Орусияда азыр жумуш жок. Эл ачка калды. 10-20 жыл мурда барып, буттан туруп алгандардын жашоосу жеңил болушу мүмкүн. Бирок 1 жыл, жарым жыл, 2-3 ай мурда баргандардын баары ижарага батир алышып жашачу. Алардын топтогон каражаты жок.

Учурда тамак-ашыбыз бир аз бар. Ушул аймактагы армян, өзбек, тажик балдар тамак-аш берип жатышат. Элчиликтен, диаспорадан тамак алып келишкен. Андан кийин элчиликтен эч ким келген эмес. Орустар бизге чатырларды бере баштаганда Оренбургдагы консул келип кетти, бирок жардам жок. Ал эми бизди бул аймактагы балдар лагерине убактылуу жайгаштырабыз деген боюнча такыр сөз болгон эмес. Бул элчиликтин адаттагы эле шылтоосу. Биз бийликтин гана жообун күтүп жатабыз.

"БИЗДИН КӨПТӨГӨН КАЙРЫЛУУЛАРЫБЫЗДАН КИЙИН КОРКУТУУЛАР БОЛДУ, АЧКА КАЛДЫК"

Чек аралардын жабык экенин билип туруп жолго чыгууга эмне себеп болду деп кызыгып көрдүк.

- Жолго чыгууга себеп - биз хостелде убактылуу жашадык. Новосибирсктен, Екатеринбургдан, Түркиядан, Бириккен Араб Эмирликтеринен кыргыздарды алып кетип жатышат. Биз Москвадагы элчиликке кайрылсак, эч кандай жооп болбоду. Аэропортко барып 5 күн түнөдүк, президентке кайрылдык, жооп болбоду. Аргабыз түгөнгөндө Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылдык. Ошондо элчиликтин намысы ойгонуп кетти, бизге кысым көрсөтүштү. Белгисиз балдар келишип, кайрылуу жасаган балабызды коркутту. Тамак берүүнү токтотту. 5 күн күттүк, жыйынтык болбогондуктан бешинчи күнү автобус жалдап жолго чыктык.

"МЕКЕНГЕ КАЙТАБЫЗ ДЕГЕНДЕРДИН АРАСЫНДА ИШ САПАРЫНА, ДАРЫЛАНУУГА БАРГАНДАР ДАГЫ БАР"

- Өлкөгө кайтабыз дегендердин баары эле мигранттар эмес. Арасында иш сапарына, дарыланууга жана башка убактылуу зарылчылыктар менен баргандар бар. Мисалы, мен дарылануу үчүн 2019-жылдын 15-декабрында барып, 11-мартта ооруканадан чыктым. 17-мартта жеңил унаа менен жолго чыксак, чек ара жабылып калыптыр. Кайра Москвага барып 20-мартка учакка билет алдык, бирок ал каттам учпай калды. Ошону менен калып калдык. Мен аритмия (жүрөктүн согуу ритминин бузулушу) менен жабыркайм. Жанымда жубайым бар, мени карап жүрөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
11.05.2020. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
келгендерди көрүп жатабыз ыраазычылык айтуунун ордуна врачтарды сөгүп, обсервацияга жатпайм деп жаш бала болуп жатат
11.05.2020. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ошол жакта эле какармаш керек. Келгендер вирус жуктуруп келип жатышат
11.05.2020. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Баарын акырындап алып келип жатат го. Эмнеге силер сабырсызданасыңар? кече келгениңерди көрдүңөрбү бүт вирус келип жатат силер менен кошо.
11.05.2020. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Россия да деле жатып турсанар болот эле ошол жол киреге берген акчанарга.москвада жакшы эле баары
11.05.2020. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ошо таксиге кетирген акчанарды жээп бираз сабыр кылып турсанар болмок.
11.05.2020. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Уят эле болдук го башкалар тынч эле отурушат. Без образованный адамдар.
11.05.2020. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Калпты азыраак айтсанар! Карантин башталганда квргыздар бир аз кыйналган тамак аштан, бирок азыр ар кайсы уюмдан продукты алып келип берип жатышып ачка калдым дегенди укпай калдык мурдагыдай. Озунорду озунор кыйнадынар, эми ошол жерден когоруп бала чакалуу болуп бир кичинекей кыргыз айыл болуп кеткиле.
11.05.2020. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Аларды алып кетсе дагы жолго чыгабыз дегендер бар экен. Алып келбей коё туруш керек, калгандарды дүрбөтпөй.
11.05.2020. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кочодо же чек арага барып жатып алган озбек тажиктеди кордунорбу. Биздикилер эле ай тийсе да мага кун тийсе да мага мага дейбиз. Ушунча куткондон кийин кичине сабыр кылгыла да. Эми ошол жерде шашлык жейт элем деп албагыла
11.05.2020. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
XAN-TORO,туура,алар коркок деши мумкун озбек тажикти,бирок алар законун сыйлайт да.биз минтебиз-антебиз деп баатыр болушат.боройлоп ыйлап алышыптыр,адам сабыр кылыш керек,башканы да ойлош керек.нан тепкилик кылып бекер жаткан жатаканадан неге чыгышат...биз деле отурабыз же иш жок,же продукты жок.барына чыдап.майонез менен нан жеп калдык,кимге арызданмак элек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: