super.kg logo

Өлкөдө коронавирус менен ооруган 3 бейтаптын абалы оор (видео, хронология)

 

Бүгүн, 11-май саат 10:00гө карата өлкөдөгү эпидемиологиялык абал тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйын берди.


Башынан / Аягынан Маанилүү

2020-05-11 10:14

Суроо: "Коронавирус жуктуруп алган медициналык кызматкерлер тууралуу маалыматты министрлик жаап-жашырып жатабы?"

Жооп: "Бизде маалымат ачык берилет, медициналык кызматкерлер тууралуу маалыматты жаап-жашыруу мүмкүн эмес. Министрлик жашыруу ыкмасын колдонбойт. Дарыгерлер эл арасында иштегендиктен, маалыматты жашыруу мүмкүн эмес".

2020-05-11 10:13

Суроо: "Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын 50дөй кызматкери обсервацияда жатат деген чынбы? Башкармалык жабылдыбы?"

Жооп: "Буга чейин ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин арасында обсервацияга алынгандар болгон. Бирок башкармалык толугу менен жабылды деген чындыкка дал келбейт. Эгерде обсервацияда болгон кызматкерлери үй карантининде болсо, ИИМден атайын кызматкерлер тартылмак".

2020-05-11 10:08

"Бүгүндөн баштап өзгөчө абал режими алынды. Бирок өзгөчө кырдаал сакталууда. Мындан ары карантиндик шарттарды жергиликтүү бийлик көзөмөлдөйт. Эпидемиологиялык абал курчуп кетпөөсү үчүн санитардык эрежелерди сактоого чакырабыз".

2020-05-11 10:07

Стационарларда 316 бейтап дарылануусун улантууда, алардын ичинен 3 жаран оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат.

2020-05-11 10:05

Бир сутка ичинде өлкө боюнча Бишкек шаарында 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми стационарлардан 4 медицина кызматкери сакайып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча 235 медицина кызматкеринен вирус аныкталып, алардын ичинен 180и стационарлардан айыгып чыккан.

2020-05-11 10:03

2020-жылдын 11-майына карата республика боюнча 14 жарандан коронавирус аныкталды.

Бишкек шаары – 6;
Чүй облусу – 1;
Ош облусу – 2;
Баткен облусу – 1;
Нарын облусу – 2;
Ысык-Көл облусу – 2.

Жалпы 1 миң 16.

2020-05-11 10:02

Бир сутка ичинде 13 бейтап ооруканадан айыгып чыкты:
Бишкек шаары – 11;
Нарын облусу – 2.
Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 688 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.


кошулду
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.05.2020. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Түз эфир аябай кыска болду го ээ 30 минут болчу эле азыр 15 минутада эле бүтүрүп коюштуго суроо жооп дагы берилбеди кызык...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: