super.kg logo

АКШ Кытайга коронавирус боюнча сот ишин козгой баштады

 

АКШнын ондогон жарандары жана бир нече компаниялары коронавирус инфекциясын жайылткан деп Кытайды сотко берүүгө даярданып жатышат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, АКШ жарандары Кытай бийлиги вирусту жок кылуу үчүн жетиштүү чара көрүшкөн эмес жана Ухандагы окуяны жашырууга аракет кылышкан деп сотко кайрылышкан. Бул иш боюнча 9 кылмыш иши козголгон. Азыркы учурда Кытай расмий айыптоодо турган жалгыз мамлекет.

Буга чейин АКШнын Миссури штатынын башкы прокурору Эрик Шмитт Кытайга каршы сот ишин козгогон. Прокурордун айтымында, Кытай өкмөтү коронавирустун зыяндуулугу жана жугуштуу мүнөзү жөнүндө бүткүл дүйнөгө жалган айтып, күбөлөрдүн оозун жапкан жана инфекциянын жайылышын токтотууга анча деле аракет кылган эмес.

Март айында АКШнын президенти Дональд Трамп Кытайды коронавирусту жашырган деп айыптап, компенсация талап кыларын айткан. Буга Кытайдын тышкы иштер министрлиги жооп берген.

АКШ коронавирус инфекциясы катталгандардын ичинен дүйнөдө биринчи орунда турат. Бул өлкөдө 1 миллион 329 миң 260 адамдан инфекция аныкталды. 79 миң 528 адам каза болсо, 216 миң 169 бейтап айыгып чыкты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
11.05.2020. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудай сактасын миллиондон ашыпикетиптирго
11.05.2020. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Молодцы США,Китайцев надо однозначно наказать за это боль.И закрыть на всегда все границы во всех странах для Китайцев.Устроили исправительные концлагеря во всех мира.После карантина мы не видили не одной Китайцев Кыргызстана!!!
11.05.2020. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эн туура иш жасаптыр Д.Трамп!
11.05.2020. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Мен да Кыргызстандын атынан Кытайды сотко берем деп даярданып жатам.
11.05.2020. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Кытайды Америка эч кандай сотко бере албайт, коркутумуш болуп атат. Анткени Кытайга 1.3 триллион доллар карыз Америка.
Мына ушул карызды доолайбыз деп атышат Кытай тарап... Американын озунун ХХХХ. 350 миллион болгон калкка 1 миллиондон ашып кетти оорулуулары...
Модератор admin_portal түзөттү 2020-05-11 22:47:33
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: