super.kg logo

Экологиялык алаамат жакынбы? NASA Антарктидадагы жана Гренландиядагы муздардын эришин космостон тартып көрсөттү (видео)

 

Мындан ондогон жылдар мурун эле дүйнөлүк окумуштуулар мөңгүлөрдүн бат эрип жатканын айтып келет. NASA`нын бир долбоору Антарктиданын батыш жагын изилдөө үчүн көп жылдарды короткон. 16 жылдан кийин космостук агенттик жакындап келе жаткан экологиялык алааматтын далилдерин коомчулукка тартуулады.

2003-жылдан тартып 2019-жылга чейин ICESat-2 спутниги Антарктиданын батыш жагына көз салып турган. Анын эң башкы максаты мөңгүлөрдүн кандай ылдамдыкта эрип жаткандыгын изилдөө болчу. Ал атайын жабдыктар менен иш алып барган. Иш учурунда суунун деңгээли 14 миллиметрге көтөрүлгөнү байкалган.

Расмий маалыматтарга караганда, глобалдуу күндүн жылышынан улам Антарктидада жыл ичинде 120 гигатонна муз эрийт, ал эми Гренландияда 200 гигатонна. Бул океандардагы суунун көбөйүшүнүн үчтөн бир бөлүгү.

Видеодон жакындап келе жаткан экологиялык алааматтын масштабдарын жана жер жүзүнүн мөңгүлөрү кандай ылдамдыкта эрип жаткандыгын байкоого болот.






NASA Антарктида жана Гренландиядагы мөңгүлөрдүн эришин космостон тартып көрсөттү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
11.05.2020. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
кудай сактасын
11.05.2020. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ушу америкалыктар коп нерсени божомолдоп тилеп алышат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: