super.kg logo

Туулган күн ээлерин куттуктап, үйсүз адамга жардам берип. Социалдык тармактын колдонуучулары комендантка ыраазычылык билдиришти

 

25-марттан бери Бишкек шаарына өзгөчө абал киргизилип, аны менен кошо борбордо коменданттык саат орун алган. 40 күндөн ашык бул кызматты аркалаган комендант, ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиевди бул убакыт ичинде сындагандар да, мактагандар да болду.

Ал күн сайын түз эфирге чыгып элге Бишкектеги абал тууралуу маалымат берип жатты. Коменданттык ишин баштагандан бери социалдык тармактарда баракча ачып, эл менен тыгыз байланышта болду.

Ал түз эфир учурунда туулган күн ээлерин куттуктаганы жана географияны мыкты билген үйү жок жаранга кичине болсо да жардам көрсөткөнү менен элдин эсинде калды.

Бүгүн, 11-майдан тарта коменданттык саат алынды, муну менен коменданттын жумушу соңуна чыкты. Социалдык тармактардын колдонуучулары комендантка ыраазычылыгын билдирип, аны менен жылуу коштошушту.

Айрым колдонуучулар комендантты 1980-жылы ал кезде Советтер союзунда өткөн Олимпиада оюндарынын символу болгон мамалакка салыштырып, сүрөт жасашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
11.05.2020. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Географияны мыкты билген адамга эч ким эч кандай жардам кылбады деп жакында эле айтып чыктыңар го
11.05.2020. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Omar.,канча кун -тун дебей уктабай Бишкекти карап тынымсыз иштегени козго корунбой эле,кемчилик издеш керекда обязательно! Адам биринчи "А мен эмне кылып жардам бердим" деп озуно суроо бериш керек,бироону сындаганча.
Ал мериядан жардам болгон жок деди, комендант барып бираз жардам берип келген
nnn.sss түзөттү 2020-05-11 12:52:01
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: